Эл менен инвестордун ортосуна өкмөт көпүрө боло албады
Ар дайым Кыргызстандагы кен иштетүүгө келген инвесторлордун жолдору болбой, жыл сайын чатактар курчуп келет. Мисалы, Жерүйгө карата нааразычылык чыңалууда, андан сырткары, Казарманда, Солтон-Сарыда, Чаткалда, Тоңдо ж.б. аймактарда жергиликтүү эл кен казууга бөгөт коюп келишти.
Эми болсо Ат-Башыга курула турган логистикалык борборго каршы митингдер уланууда. 49 жылга жерди ижарага алган кытай инвестору 280 миллион доллар акчасын салып, аталган аймакка өндүрүштүк мекемлерди курмакчы экен. Бирок, кыйчалыш кырдаал жаралды.
Ал жер соода борборуна да айланса, жемишин берет беле? Эң башкысы, экологиялык нормалары канчалык деңгээлде сакталат? Жаратылышыбызга терс таасирин тийгизбейби? Эгерде жергиликтүү тургундарга жемиштүү болуп, мамлекет үчүн пайдалуу долбоорго айланса, эмне үчүн жеришибиз керек? Бирок, карапайым калк жөн жерден каршы чыккан жок да? Көп суроолордун түйүнүн өкмөт башчы Абылгазиев жандырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай чайналууда. Башта атбашылык аткаминер-чоңдору губернаторго кошулуп барып алышып, алары карапайым адамдарга тыңсынышып, каарып-жеп бакылдашып, кырдаалды ого бетер чыңалтып салышыптыр...
Кыскасы, бул ыр-чыр дагы далайга созулат өңдөнөт. Айтор, баардык жерден эле инвесторлорду кубалай берсек, өкмөт шарт түзө албаса, анда качан өнүгөбүз? Ансыз да Кыргызстанга кытайлардан башка эч ким келбей калды. Инвестициялык климатты биротоло талкалап, түбүнө жетип отурабыз. Эмесе, экономикабыз качан өнүгөт?..
Aryba.kg