Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эсенгул: «Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн да кооптуулукту жаратты»

Чынара Эсенгул: «Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн да кооптуулукту жаратты»

31-январь, 09:00
538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Чынара айым, Кыргызстандын коопсуздугу жайындабы же кооптуу маселелер барбы?

-Учурда Кыргызстан эле эмес, дүйнө жүзүндө кооптуу жагдай жаралып, чыр-чатактар, табигий катаклизмдер болууда. Дүйнөлүк масштабда алсак, жалпы адамзаттын коопсуздугу жайында болбой турат.

Кыргызстан боюнча айтсам, ички-тышкы тобокелчиликтер жана коркунучтар мамлекеттик жана мамлекеттик эмес субъектилерден келип чыгышы мүмкүн. Мисалы, коңшу мамлекеттерден чыккан бизге кооптуу абалды жараткан факторлор бар. Маселен, чек араны тактап атканда ар кандай конфликттер орун алышы ыктымал. Же табигый ресурстарсуу, жер талаш болуп, ошондон чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Мына ушундай жагдайлар мамлекеттин коопсуздугуна маселе жаратат. Мамлекеттик эмес субъекттер жөнүндө айтсам, дүйнөлүк масштабда, анын ичинен Борбор Азияда террористтик жана экстремисттик топтор бар. Алар Талибан жана Ислам мамлекети деп аталат. Афганистанда Талибандын бийликке келиши Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн да кооптуулукту жаратты. Ошондой эле ички коопсуздукту жараткан бөлүнүү деген факторлор бар. Дин, этнос, аймак жактан түштүк-түндүк деп бөлүнгөнүбүз табигый нерсе, мындай бөлүнүү бардык эле мамлекеттерде бар дегенибиз менен бизде дискриминация күчтүү. Ошон үчүн бири-бирине толеранттуу мамиле кылышпайт. Мына ушул жагдайды мыйзамдын алкагында чечип, шарт түзүп койсо, дискриминация болбогон жерде бири-бирин кордогон нерсе жоголуп, ички кооптуулук жаралбай калат эле. Ушул жагдайларды эске алганда, Кыргызстандын коопсуздугу жайында эмес. 

-- Мамлекеттин коопсуздугун сактоо үчүн эмненин алдын алышыбыз керек? Ислам дининдеги карама-каршы агымдар, коопсуздукка шек келтирбейби? 

-- Мамлекеттин коопсуздугун сактоо үчүн армияны күчтөп, аскерлердин санын көбөйтүп, курал-жарактын сапатын жогорулатышыбыз керек. Ошондой эле контрчалгындоо кызматында иштеген адамдардын деңгээлине жана компетенттүүлүгүнө көңүл буруу зарыл. Алар кайсы жерде даярдалып, кайсы жерден практикадан өтүп, кантип карьералык өсүш жасарына, ал жердеги кадр саясаты адилеттүүбү, ошого маани беришибиз керек. Анткени, мамлекеттин коопсуздугуна кам көргөн тармакта кадрдык саясат жана тартип күчтүү болушу зарыл. 

Ошондой эле мамлекеттин коопсуздугун алдын алууда элдин биримдигин дагы чыңдашыбыз керек. Антпесек, “эмнеге бул улуттагы элдер армияга барат, а эмнеге тигилер барбайт?” деп күнөөлөгөн логикага коомчулукта күч ала баштады. Чынында мамлекеттеги коопсуздук элдин биримдиги, жарандык сезимдин өнүгүшү менен байланыштуу болот. Ошон үчүн жарандык сезимди күчөтүш керек. Башкача айтканда, жаран деген жөн эле адам эмес. Жарандын мамлекетке байланышы болгондуктан, салык төлөп, армияга барышы керек. Жарандык патриотизмди билим берүү, тарбия берүү аркылуу күчөтүү зарыл. Антпесек, коомдо ажырым күч ала берет.

Диндер боюнча айтсам, СССР кулагандан кийин 90-жылдары ар кайсы диндердин агымдары Кыргызстанга кирип келди. Анткени, биз ошол мезгилде ачык мамлекет саясатын жүргүздүк. Сауд Арабиясы, Түркия, Египет мамлекеттериндеги ар кайсы агымдар ал жактан окуп келген ага-эжелер аркылуу келди. Дин жагынан билимин өрчүтүп келгени жакшы деңизчи, бирок ислам дини ошол эле замат ар кайсы багытка, агымга бөлүнүп калды. Атамбаев президент болуп турганда салттуу ислам деген ой айтылган. Башкача айтканда, ханафий масхабдагы исламды колдойбуз дегенде сырттан келген башка агымдар дагы сырткы жагынан окшоштуруп, пакистандык кийимди азыраак кийип, башына калпак кийип, ак жоолук салына башташты. Бирок, алар билимди сырттан алып келгени үчүн сырты ханафийдей көрүнүшкөнү менен аң-сезими, ой жүгүртүүсү салафит бойдон калышты. Ошон үчүн бул маселе абдан кооптуу. Бул маселени чечиш үчүн системдүү түрдө иштеп, инсандын жана жарандын аң-сезимине таасир эте тургандай иш алып барыш керек. Ошондо биз туура багытта иш кылып, идеологияны да жөнгө сала алабыз. Ошол жумуш аркылуу мамлекеттин коопсуздугун да камсыз кыла алмакпыз.

-- Тышкы саясатыбыз калыбына келип, көп мамлекеттер менен мамилебиз жөнгө салынып калдыбы? Же тышкы саясатта дагы деле чабал иштерибиз барбы?

-- Тышкы саясат ички саясаттын уландысы. Ички саясат бат-бат өзгөрүп тургандыктан, тышкы саясатта дагы туруктуулук жок. Тагыраагы, туруктуу көз карашыбыз жок десек болот. Албетте, кандайдыр бир деңгээлде тышкы саясатты жөнгө салган тышкы иштер министрлиги, мекемелер элчилик жана консулдуктар иштеп жатышат. Бирок, ресурс ченелүү болгондуктан, көп деле нерсе кыла албай жатышат. Ошондонбу, көзгө урунган жетишкендиктер, жыйынтыктары анчалык деле байкалбайт.

Украинадагы согуш башталгандан бери дүйнө саясый жактан блокко же топко бөлүнгөндөй нукта өнүгүп жатабыз. Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттерине окшоп, көп тараптуу, көп векторлуу тышкы саясат жүргүзгөнгө аракет кылып жатат, бирок Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азиядагы алсыз мамлекеттер болгон үчүн Россиядан көз каранды. Бизге жагабы-жакпайбы орустарды колдогондой линияда жүрөбүз. Албетте, көп тараптуу саясат жүргүзгөнгө аракет кылып, Россиядан көз кранды болгон тыгыз мамилени башка державалар менен да түзүүгө, тең салмактуулукту кармаганга аракет кылып, Кытай, Араб мамлекеттери менен мамиле, инвестициялык келишимдерди түзүп жатабыз. Бирок, көп учурда кытай, арабдар менен түзүлгөн келишимде биздин улуттук кызыкчылыктары эске алынбай калып жатат. Мүмкүн сүйлөшүүлөр жүргөн процессте дипломаттар өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө албай жаткандыр. 

Украинадагы согуш башталгандан кийин Батыш мамлекеттери менен болгон мамилебиздин деңгээли төмөндөдү. Маалымат каражаттары жөнүндөгү жана НПОлор боюнча мыйзамга өзгөртүү киргени Батыш мамлекеттери менен түзүлгөн мамилени салкындатат. Мунун баары Россиянын таасиринин негизинде жасалып жатса да, Батыш мамлекеттери менен мамилени жакшыртып, баланс түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Мүмкүн Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп жаткандыр, бирок көзгө көрүнүктүү жана чыныгы дили менен жасала турган келишимдер, инвестициялык долбоорлор жокко эсе. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер