Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кичинемде “күйөөгө тийбейм” дечүмүн, азыр кандай күн көрүп жатам?

Кичинемде “күйөөгө тийбейм” дечүмүн, азыр кандай күн көрүп жатам?

28-декабрь, 17:49
2 401 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кичинемде эле «мен бала бакпайм, мектепте директор болом» деп кыялданчумун. Кийин мен жигит жандап деле баскан жокмун. Окууну жакшы баа менен аяктап, шаардагы мектептердин бирине мугалим болуп орноштум. Убакыт билинбей өтүп, завучка чейин жеттим. Өзүмдүн каражаным менен алек болуп, курбуларымдын баары эчак балалуу болуп калганын деле байкабаптырмын. Алар мага кезиккен сайын турмушка чыгышымды айтып, акыл үйрөтүп жүрүштү. Мага бул таптакыр жакчу эмес. 

Ошондой күндөрдүн биринде курбумдун сиңдиси мектепке мугалим болуп иштеп калды. Башында “эжекелеп” кирип калганда, жактыра бербей урушуп, чыгарып ийчүмүн. Менин ага орой мамиле кылганыма карабай кире берип, мени жумуштан кеч калбай кеткенге, дүкөн кыдырганга үйрөттү. Анан күндөрдүн биринде бир адам менен таанышып калдым. Өмүрүмдө биринчи жолу гүл алдым. Биринчи жолу эркек адам менен бирге отуруп чай ичтим. Ошентип ал бир күнү мени ала качып кетти. Кете албадым, анкени жашы өтүп калган апам ушул үйдөн чыкпашымды суранды. Ал адам мени таптакыр башка нукка бурду. Жашоодо үй-бүлөдөн өткөн байлык жок экенин билдирди. Кыйналып жүрүп бир кыздуу болдум. Бала кандай таттуу экенин, күйөөм камкор болуп, менин алсыз аял экенимди сездирди. Көрсө, мен креслом менен өзүмдү кыйын сезип келген экем. Күйөөм менин супсак болуп калган жашоомду таптакыр башка нукка бурду. Ушул жашоомо ыраазымын!

Зуура
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер