Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Жездемди катуу сүйөм, эжем кечире алабы?
Жездемди катуу сүйөм, эжем кечире алабы?
04-февраль, 17:00

Жашоо ар кандай ойго келбеген тагдыр тамашаларына сала берет тура. Болбосо ушундай жол менен өмүр кечирем деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мен жездеме көптөн бери жакынмын, бирок эжем билбейт. Алардын эки баласы бар. Мен да жездемден төрөп алгым келет. Акча жактан камсыздайт. Эжеме алып берген нерселерден кем кылбаганы ырас. Башкага турмушка чыккым келбейт. Башка жигиттер көзүмө көрүнбөйт. Жездемди сүйөм, алардыкына барганда такыр шек алдырбайм. Эжем байкуш эч нерседен кабары жок беймарал жүрөт. Билип калса эмне болот? Ойлоном, корком. Эжем менден кечип кетеби, же кечирип, күйөөсүн мени менен бөлүшөбү? Жездем экөөбүздү караганга алы жетет. Жездемди катуу сүйгөндүктөн бул күндөрдөн качып кете албай башым маң...
Альбина
"Азия Ньюс" гезити