Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Конституциялык палата Атамбаевдин кайрылуусун канааттандырган жок

Конституциялык палата Атамбаевдин кайрылуусун канааттандырган жок

25-октябрь, 14:05
478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан эле. 

Парламенттин мындай чечимине макул болбогон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Конституциялык палатага кайрылган.

Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, А.Атамбаев суракка баруудан баш тарткан болчу.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчүн четке кагып, 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты. Бирок Конституциялык палата «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже Баш мыйзамга дал келбей турганын билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-президент деген макамдан ажыратылгандан кийин тергөөгө сурак бериш үчүн үч жолу чакырылса да  келбей койгон. Акыры бул окуя 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолуп, УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган.

Aryba.kg

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер