Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 23 жаштагы Адинайды күйөөсү эмнеге таштап кетти?

23 жаштагы Адинайды күйөөсү эмнеге таштап кетти?

21-сентябрь, 17:48
1 046 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Биринчи май айылынын тургуну Эркингүл Табылдиева кызы Адинайдын ден соолугу үчүн күрөшүп келет. Адинай балдардын церебралдык шал оорусу менен жабыркайт.

«Эки уулум жана бир кызым бар. Кызым Адинай 1997-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында төрөлгөн. Андан 6 айлык кезинде балдардын церебралдык шал оорусу аныкталган. 15 жашынан баштап эпилепсия боло баштады. Бир колу иштебейт, 2-топтогу майып. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин кесиптик техникумдан билим алып баштаган. Тилекке каршы, шартка байланыштуу окуусун толук бүткөн жок. Акыл-эси жайында. Келечекте дүйнөгө саякаттайм деген тилеги бар» деди апасы.

Эркингүл айым Адинай төрөлгөнгө чейин мектепте мугалим болуп иштечү.

«Мен мектепте кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча сабак өтчүмүн. Кызым төрөлгөндөн кийин иштебей калдым. Учурда кызым дагы, мен дагы эч жерде иштебейбиз. Кызым учурда 23 жашта. Буга чейин турмуш курган. Бирок, күйөөсү оорусуна байланыштуу таштап кетти. Учурда 8 айлык наристеси бар. Кызымдын операциясына, дары-дармегин алууга акча каражатына муктажбыз» деди ал.


“Турмуш кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер