Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бразилиядагы сел: 171 адам каза болду

Бразилиядагы сел: 171 адам каза болду

22-февраль, 11:44
474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бразилиянын Рио-де-Жанейро аймагындагы сел апаатынан каза болгондордун саны 171ге жетти. Бул тууралуу “Трт.нет билдирди.

Бразилия медиасынын маалыматына караганда, өткөн аптада Рио-де-Жанейродогу тоолуу Петрополис шаарында болгон сел жана жер көчкүдөн кийин ыктыярчылар жана өрт өчүрүүчүлөр тарабынан издөөкуткаруу иштери улантылды. Сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 171ге жетип, 126 адамдын дайынсыз жоголгону жана 856 адамдын баш калкалоочу жайларда экени маалымдалды.

Петрополис муниципалитети, көчөлөрдү тазалоо иштеринен улам тургундарды үйдө болууга чакырды. Рио-де-Жанейронун тоолуу аймагы Петрополисте 15-февралда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам шаардын көптөгөн жерлеринде жер көчкү жүрдү. Облустун губернатору Клаудио Кастро аймактын 1932-жылдан берки эң катуу жаандан жапа чеккенин айтты. Жер көчкүлөрдөн кийин ондогон үйлөр кыйрап калган Петрополисте февраль айы ичинде күтүлгөн жаан-чачын тынымсыз 6 саатта жааган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер