Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кара-Сууда Алишер Козуевден, туугандарынан көпчүлүк тажап калыптыр

Кара-Сууда Алишер Козуевден, туугандарынан көпчүлүк тажап калыптыр

31-март, 19:44
2 080 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада депутаттар аймактарды кыдырышты. Башкалардан өзгөчөлөнгөн Алишер Козуев Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевди жолугушууларга ээрчитип алып, административдик ресурсту ашкере пайдаланып, ар кандай кызыкчылыктарын ишке ашырууга далбастаптыр. Депутат элдин көйгөйүн уккусу келсе, шаан-шөкөтү жок эле кыдырса болбойбу? Сөзсүз эле акимди, айыл өкмөттөрүн жумушунан калтырып, райондо байбача сыңарындай манчыркай жүргөнү эмнеси? Же Козуев бийликчил атка жамынып, билген намазын окуй береби? Ансыз да Кара-Сууда Алишерден жана туугандарынан тажап калышканын жергиликтүү тургундар айтышууда. Бул катмар көпчүлүктү түзүүдө. Качанкыга чейин көпкөнчүлүк менен жашайт экенсиңер? Буга чейин карапайым калктын жерлерин ээлеп алып, байып жата берсеңер жарашабы? Суроолор көп... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер