Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тынч жүрө албаган Исхак Пирматовдун кыянаттыгы суу кечпейт!

Тынч жүрө албаган Исхак Пирматовдун кыянаттыгы суу кечпейт!

22-ноябрь, 16:08
1 430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кумтөр ишине байланыштуу күнөөлүү катары табылып, сот жообуна тартылган Исхак Пирматовду кимдер билбейт? Коррупционерлигин расмий мойнуна алып, тергөө менен кызматташып, эркиндикке чыккан Исхак мырза жөн жата албай, кезинде көчөдө жүргөн жеринен “Кыргызнефтегазга” кондуруп, кийин ишкананын жетекчилигине дайындалышына, Апрель окуясынан кийин эки чакырылышта депутат болушуна, убагында чөнтөгүндө сокур тыйыны жок немени бакыйган олигархтардын биринин айланышына себепкер болгон акеси Азизбек Турсунбаевге тымызын каршы иштөөгө өттүбү? Маселен, социалдык түйүндөр аркылуу Турсунбаевди каралатууга атайын “фейк армияны” жалдап, ал үчүн оңбогондой каражат сарптаганы чынбы? Анысы аз келгенсип, талапкерлердин бирин тымызын каржылап, аны депутат кылууга жан үрөгөнү кандай? “Балапан” Пирматов канчалык аракет кылбасын, элге эмгеги сиңген, кадыры бар Азизбек Атакозуевичке жасаган карасанатай оюнунан майнап чыкпайт. Болгону бул анын “суу ичкен кудугуна түкүргөн”, адамгерчилик, жигиттик сыпатынын пастыгын гана ашкерелейт эмеспи. “Кууланам деп ойлобо, кууратып коёт бу турмуш” макалын Исхак мырза эсинен чыгарбаса дейбиз. Эгерде бузукулук ишин уланта берсе, анда артынан былыгы чубалып, кайрадан “кусуп” калбайбы?..
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер