Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Доллар эмнеге арзандап жаткандыгы айтылды

Доллар эмнеге арзандап жаткандыгы айтылды

19-май, 20:13
748 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин жыйынында доллардын арзандап жаткандыгы тууралуу суроого Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жооп берди. 

“Доллардын курсунун арзандашынын бир нече себеби бар. Биринчиден, мамлекетибизде күзүндө жана жазында долларга талап өсүп кетет. Биздин ишкерлер тыштан товарлар сатып алып, кампасын толтурат. Бул учурда Улуттук банк курстун кескин өсүп кетпеши үчүн чара көрөт. Мындан тышкары, акча которуулар деген тышкы факторлор бар. Ал дагы мезгил-мезгили менен болуп турат. Ошондой эле жайында чет элдин валютасы менен келген туристтердин саны көбөйөт. Экспорт көбөйсө дагы өлкөгө чет элдин валютасы кирет. Ушул факторлор сомдун курсуна таасир этет” деди Абдыгулов.

Учурда Улуттук банктын сайтында доллар 84,2 сом бойдон турат. Бул акыркы беш айдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-январынан бери Улуттук банк алты жолу валюталык интервенция жасаган. Беш айда каржы базарына жалпы 270 млн. сом сатыкка чыгарган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер