“Манастын уулу Семетей” каршылыктарга карабай эл аралык аренада

“Манастын уулу Семетей” тасмасы тууралуу коомчулукта уу-дуу кептер жүрүүдө. Алар тууралуу фильмдин сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков ой бөлүштү.
-- Ооба, аябай катуу ызы-чуу, кызыл чеке талаш-тартыш жүрдү. Анткени, “Манас” – кыргыз эли үчүн ыйык, баалуу чыгарма. Ошон үчүн ар ким ар кандай пикирлерди жаадырышты. “Манас” үчилтигин жалаң эпос боюнча элестеткен манасчылар менен айрым “Манасты” билимиш болгондор кинодон бүтүндөй эпосту талапташып, сындашты. Биз эпостун негизинде сахналаштырылган драманы экрандаштырдык. Эпос пьесага айланганда өзгөрүүгө учурайт. Ал эми пьеса киного айланганда тасманын талаптарына ылайык дагы өзгөрөт. Ошону эске алгылары келишпей, айрымдар “эпосту бузуп, бурмалаган” деп айыпташты. Идея, маани бурмаланган эмес, болгону айрым окуялардын берилиши өзгөрүүгө учураган. Бул – кино. Манасчылар, манас таануучулар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер кино өндүрүшү боюнча адис эмес. Кинонун жоболорунан бейдарек үчүн “Аттары арык”, “хан ордого аз бозүй тигилиптир”, “суусар тебетей кийгизишиптир”, “бул эпосту, кыргызды басмырлоо” ж.б.у.с. майда-чүйдө дооматтар менен фильмге чоң көлөкө түшүрүүгө далбасташты. Ушундай майда-баратты чукушканда ыраматылык Океев жооп кайтарчу экен (мисалы, ат тууралуу айтса), “сен аттын арык-семизин карабай, кинону кара, кинону көр” деп. Эл кинодо окуяны кууп, аткаруучунун оозунан чыкчу сөзгө назар таштайт. Жайнаган бозүйлөрдүн бир бурчун көрүшүп, ылдыйлата тигилген жүздөгөн бозүйлөрдү көрмөксөн. Ал эми миң жыл мурда кандай кийим кийишкени тууралу так көрсөтмө жок, антсе да бизде атайын адистер иштешти. Анан дагы “сценарий чийки, стиль жок, актёрдук ансамбль начар” дешкендеричи! Сценарий аларчылап иш кылбай куру ооз кергендерден айырмаланып кашкайган таланты менен элге сиңген айтылуу Жалил Садыковдуку, биз аны кинолоштурдук. Стиль демекчи, кинону маданият министрлигинде тасмага уруксат берүү үчүн коюшканда кинорежиссёр Таалай Кулмендеевдин айтканын манасчылар баш болуп, биздин оппоненттер жаттап алышыптыр. Кайсы стиль, эмне стиль экенин өздөрү түшүнүшпөйт. Аны айткан Кулмендеевдердин ошондой стиль менен тарткан кинолорун эл сүйүп көрдү беле?.. Актёрдук топ болсо күчтүү – Темирлан Сманбеков, Калича Сейдалиева, Азиз Мурадиллаев, Альбина Имашева, Камчы Сарыбаев, Жылдызбек Касеинов, Эшенкул Барпиев, Нурлан Салидинов, Жолдошбек Жанжигитов... Ар кимиси өз ролдорун ийине жеткире ойношконуна биздин гана эмес, чет өлкөлөрдүн да кино адистери жогору баа беришүүдө.
Манасчылар баштаган маданий топко оппозициялык саясатчылардын жоон тобу кошулду. Алар азыркы бийлик не бир мыкты жумуш жасаса деле “болбойт, начар, өлдү” деп түкүрүнүшөт.
“Улуу Манастын улуу кастары бар” делинчү. Манас, Семетей бабаларыбызды жайлашкан тыштан Коңурбай менен Кыястын, ичтен Абыке менен Көбөштүн укум-тукумдары дале арабызда, алар уюган кектерин ачык жарыя кыла алышпай, эптеп бирдемелерди бетке кармап ызырынышты.
Бул жоон топко маданият тармагындагы менин жана биздин кино топтун атаандаштары, оппоненттерибиз кошулушту. Алар жабылып доомат арткандай, биз эпосту бузуп, элибизди басмырлабай, тескерисинче, эпосубуз менен элибиздин маданиятын даңазалоого карч урунуудабыз. Кинобузга көптөгөн калыс, аттуу-баштуу, эмгек сиңирген коомдук жана маданий ишмерлер жогорку баасын беришип, “Манастын уулу Семетей” элибизге эң керектүү, маанилүү, салмактуу тасма болгонун, эл аралык аренага чыгып, кыргыздын байрагын бийик көтөрүүгө жарамдуулугун белгилешкен. Чет өлкөлүк киноадистер да эл аралык стандарттагы тасма жаралганын тастыкташкан.
Сын айткандар – кылкылдаган калктын арасында салыштырмалуу азчылык. Көпчүлүк эл көрүп баасын берет.
Россия, Түркия, Кытай, Иран, Түштүк Корея, Казакстан өндүү өлкөлөрдүн киночулары менен иштешип, тасмабызды эл аралык аренага алып чыгууга аракеттенүүдөбүз. Учурда чет өлкөлүк интернет (стриминг платформа) жана телеканалдар менен кызуу кызматташып атабыз.