Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Академияны артка тарткан Канат Абдрахматов өкмөттү алдаган кербези

Академияны артка тарткан Канат Абдрахматов өкмөттү алдаган кербези

19-декабрь, 09:00
555 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматовдун шайланганына бир жыл толду. Бирок илимдер академиясында эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ишенип шайлаган жаңы президенти ыкшоолугун көрсөтүп, бир жыл ичинде дагы артка кетти. Ал эми долбоорлор, жаңы идеялардан дайын жок. Канат Абдрахматов “алма быш, оозума түш” деп эле өкмөт берген бюджеттин 350 миллион сомун карап отурат экен. Ал болсо айлык менен коммуналдык кызматтарга төлөгөнгө эле жетет. Илимий изилдөөгө жетпейт. “Айлык маянанын аздыгынан таланттуу жаш окумуштуулар башка жактарга кетишип, академияда азыр пенсионерлер менен “сапопал” кандидат, докторлор эле калды” деп айтышууда. Ошону менен бирге илимдер академиясында 2022-жылдагы илимий отчетунун шапкесин эле оңдоп, “2023-жылдын илимий отчету” деп приписка менен бүтүм чыгарышып, аткарылбаган пландык иштин эсебинен иштебей эле айлык алып жүргөн институттар да бар экен. Өндүрүшкө эч кандай жаңылык киргизбеген, бир ачылыш болбогон илимдер академиясына жылына 350 миллион сом бөлүүнүн кажети барбы? Ишенип шайлаган президенти Канат Абдрахматов академиянын жетекчилигин тартып кете албай, кабинетинен чыкпай жеке чыгармачылыгы менен алек болуп жүрсө, же бир демилге, идея чыкпаса, академия кантип өнүгөт? Өзү кызматтык машине минип жүргөнү аз келгенсип, мыйзамсыз түрдө президиумга дагы бир кызматтык машине алганы кандай? “Илимдер академиясында иш көп болуп, жетише албай жатабыз” деген түр көрсөтүп, өкмөттү алдап, көз боёмочулук кылганын качан токтотот? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер