Медербек Саидов: “Кумтөр маселеси – канчалаган фигуралардын башын жеген кыргыздын трагедиясы

-- “Улуу көчмөндөр” холдингине коротулган каражаттар, Теңгиз Бөлтүрүк тууралуу бизди таңгалдырган фактылар чыкты. Эми кандай чара көрүлөт?
-- Эгер мамлекет тарабынан түзүлсө, “холдингди” “коррупция” дегендей эле түшүнүү керек. Мен көбүнчө мамлекеттик холдинг ишканаларды түзүү процесстерин жактыра бербейм, мындай практикадан өнүккөн өлкөлөр эчак эле кетишкен. Бул бир гана Борбор Азия өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Себеби, бир ууч чиновниктердин уурдоосуна жеңил болушу үчүн. Мен ойлогондой эле фактылар чыгып жатат: эч бир көзөмөл жок, элдин, мамлекеттин акчасын каалаганча иштетип, сайрандап жүргөнү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Албетте, мындай чоң чыгымга барууда сөзсүз жогору жактын изи бар деген ойдомун. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” эмеспи.
Менин жеке оюм боюнча, Бөлтүрүк жаз айларында акталып чыгышы мүмкүн. Бул дагы мурунку министрлер сыяктуу эле айып пул аркылуу чыгарылып, кепилдикти президент өзү алчудай сезилип жатат. Себеби Теңгиз Бөлтүрүк Кумтөр компаниясын алууга чоң жардамдашкан, жолун билген адам. Ушул иши боюнча бийлик тараптан көз жумуп, абактан бошотуп жибериши толук ыктымал. Ансыз деле көрүп жүрөбүз го, айып пулдарын төлөп коюп жүз миллиондорду уурдагандар деле ээн-эркин жүрүшпөйбү. Эгер Теңгиз Бөлтүрүктү кесип жиберишсе, анда бир нече чоң фигуралар сөзсүз чыгат, бирок алар мындайга жол беришпейт. Дагы бир маселе – Теңгиз Бөлтүрүктү жеке мамилеси үчүн дагы кармап жазалоолору мүмкүн. Себеби, акыркы кездерде андан “жумушка ал” деп сурангандар көп болгонун билебиз.
-- Сенин божомолуңда дагы кандай жазалар күтүлүшү мүмкүн?
-- “Жазага тартылат” дегенде, айып пул аркылуу чыгып кетиши мүмкүн. Андан ары башка өлкөгө башпаанек сурап кетиши дагы ыктымал. Кумтөр маселеси – канчалаган өкмөттүн, фигуралардын башын жеген кыргыздын трагедиясы. Жаратылышка эбегейсиз зыян алып келди, анын чыгымы азыркыга чейин так аныктала элек. Мындан ары өзүбүз кантип, кандай иштетип кетебиз – аны бир гана убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, бир ууч чиновниктер үчүн эмес, эл үчүн жана өлкөнүн экономикасы үчүн иштөөгө тийиш.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити