Данияр Жанузаков: “Сентябрь айынан баштап айыл чарба жарманкелерин өткөрүү пландалууда”

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы менен маек.
-- Данияр мырза, дыйкандар өндүргөн азык-түлүк продукцияларын сатууда ар дайым көйгөй жаралып келген. Алсак, базарга апкелсе ортомчулар ортодон чыга калып продукцияга болгон бааны кымбаттатып ийген учурлар арбын. Шаар тургундары үчүн жарманкеңер эмне болду?
-- Айыл чарба министрлиги бааларды турукташтыруу чараларды (экспорттук чектөөлөр, КНС бошотуу, материалдык фонд резервине сунуштарды киргизүү, өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында кластердик ыкманы киргизүү), азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба, мал чарба багытын өнүктүрүү жаатында иштейт. Андан сырткары, экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы монополияга каршы кызматы бар. Алар азык-түлүккө бааларды турукташтыруу, көзөмөлдөө жана түздөн-түз сатуучулар менен иш алып барат. Ал эми айыл чарба министрлиги ортомчулар менен эмес, өндүрүүчүлөр аркылуу түздөн-түз иштешерин билдирет. Министрлик 2021-жылдын сентябрь айынан баштап 2022-жылдын апрель айына чейин Бишкек шаарынын эки районунда жана аймактарда азык-түлүк продукцияларынын жарманкесин өткөрдү. 2022-жылдын сентябрь айынан баштап жарманкелерди дагы өткөрүүнү пландаштырууда. Ал жарманкеде түздөн-түз өндүрүүчүлөр катышат.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити