Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индиядан боор оорусунан чырактай бала көз жумду. Сөөгүн алып келүүгө кол суналы?

Индиядан боор оорусунан чырактай бала көз жумду. Сөөгүн алып келүүгө кол суналы?

11-февраль, 19:35
11 098 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Убагында дарылабаса циррозго өтүп кете турган гепатит оорусу күч алды. Анын айынан боорун алмаштырууга тийешелүү каражат табалбай, элден жардам сурагандар, алтургай каза болуп жаткандардын күн санап көбөйгөнү жүрөк оорутат. Бул дартты жугузбоо жолу – эмдөө алуу. Бирок эмдөөгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбаганы таңгалычтуу, кейиштүү дагы болуп турат.   

Канчалаган замандаштарыбызды ар бир күнү бул дарттын айынан колдон жулдуруп жатабыз. Канчасы моралдык, материалдык жактан дагы азап чегип келүүдө. Бирок мамлекет башчылары ойгонгон да, ойлонгон да жок. Элди, коомду ойготууга далалаттанып, бир гана бул дартка өзү да чалдыккан замандашыбыз Нургазы Батырбеков чырылдап, министрликтин эшигин какылап жүрөт. Азыр дагы бир оор жоготуу, оор кайгы тууралуу айтканы турабыз. 

Альвеококкоз дартына чалдыккан жыйырма жаштагы Касымакунов Жакыпхан Индияга дарыланууга барып, каза болуп калды. Канчалаган оор операциялардын жыйынтыгында сакайып кетпей, чырактай бала Индиядан көз жумду. Балдарын жоготкону аз келгенсип, ата-энеси сөөктү алып келүүгө каражат таппай карайлап, боздоп турган чактары. Биз Жакыпхандан айрылган атасы Мухтар агадан маалымат алдык. 

“Балам Касымакунов Жакыпхан 2000-жылы 7-февралда төрөлгөн. 7-февралда жыйырма жашка толду. 2018-жылдан бери боордун альвеококкоз дартына чалдыккан. 2019-жылы февраль айында борбор калаабыздагы республикалык ооруканада операция болуп, боордун жарымын алып салды. Андан кийин Орусиянын Нижний-Новгород шаарында 5-декабрда бир, 8-декабрда дагы экинчи ирет операция болду. Ал жакка кан тамырды алмаштырууга барганбыз. Бирок, кан тамыр алмаштырганга кеч болуп калыптыр. Ал жактан балам жыгылып, боору жарылып, бир аппарат менен кайра чапташты да, “боорун тезирээк алмаштыруу керек” дешти. Андан кийин Индияга боор алмаштырууга 4-апрелде барып, 4-майда боор алмаштырдык. Баш-аягы 35 миң доллардай акча сарптадык. Ал акча жалаң элден, ага-туугандан жана жети дубандан чогулттук. Президенттен жана 120 депутаттан жардам сураганбыз, эки депутат жардам берди. 2019-жылы декабрда балам саргарып ооруй баштады. Анализдерин тапшырсак, “тез арада Индияга келгиле” дешти. Ага чейин дайыма Индияга анализ тапшырып турчубуз. Индиядан эки этап менен дарылап, үчүнчү этапты көтөрө албай, кайрадан пересадка деди. Анан эки күндөн кийин балам өтүп кетти... Боор иштебей калып, инфаркт алыптыр. Үч жолу инфаркт алып, ошондон кетти. Ашказанынын кан тамыры жарылып, кан кусту. Эми алып кетүүнүн айласын издеп отурабыз”.

Эмне деген трагедия! Баласынын жаны кыйналганын карап турууга эмне деген эрк керек?! Канчанчысы экени белгисиз, дагы бир сөөктү тосуп алабыз... Уулдарын эле жоготпой, Бишкектеги жана башка шаарлардагы операцияларына баш-аягы жүз миң доллардай каражат коротуп, карызга батып, материалдык чоң чыгымга учураган ата-энеге колдоо көрсөтчүлөр болсо кайрылыңыздар!


Aryba.kg




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер