Апам сулуу аял болгондуктан, ага дайыма бай, сымбаттуу да кишилер жуучу болуп жүрдү


Мен 1990-жылы жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем абдан жаш эле. Эжем бир жашка жаңы толгондо мен төрөлүпмүн. Атамды эстесем, дайыма ичип жүргөнү гана көз алдыма тартылат. Апам болсо медайымдын окуусун окуп жүрүп, аны бүтпөй калган.
Чоңойгон үйүмдү "үй" деп айтууга ооз барбайт. Бир бөлмөлүү батирде бизден тышкары чоң энем, апамдын иниси жана дайыма кирип-чыгып жүргөн “зэктер” жашачу. Алардын баары таякемдин достору эле. Атам биз кичинекей кезибизде эле каза болуп калды.
Апам сулуу аял болгондуктан, ага дайыма бай, сымбаттуу да кишилер жуучу болуп жүрдү. Бирок тагдыр биздин жашообузду андан жаман, башка нукка бурду. Апам жашообузга өгөй атамды алып келди. Аны менен кошо башыбызга көптөгөн азаптар түштү. Ал “батир сатып алабыз” деген шылтоо менен карызга акча алып, акыры машина минип, өзүбүздү кайра ошол эле тозокко – бир бөлмөлүү батирге алып келди.
Убакыт өтүп, инибиз төрөлдү. Анан түрмөдөн апамдын иниси келип, үйлөнүп, балалуу болушту. Ошентип бир бөлмөдө ондон ашуун жан жашачубуз. Өгөй атам жакшы акча тапса да, биздин жашообуз өзгөргөн жок. Кийинчерээк “батирди күрөөгө коюп, бизнес баштайбыз” дешти. Биз болсо “жок, бул биздин жалгыз үйүбүз” деп чырылдадык. Бирок чоңдор угушкан жок. Акыры батирден айрылып, шаардан алыс айылдагы эски тамга көчтүк. Ал жерде суу да, жылуулук да жок эле.
Айылда болсо андан бетер ичимдик, каражаттын жоктугу, уруш-талаш күчөдү. Эжем экөөбүз инибизди өзүбүз багып чоңойттук. Кийим-кечесин, окуусун, оюнчуктарын – баарын биз алып берчүбүз. Апабызга канча жолу “жаңы жашоо башта” деп айттык, аракет кылдык. Ишке орноштурдук, дарылаттык. Бирок ал кайра эле ичип, баягы абалга түшүп калды.
Азыр эжем экөөбүздүн жашообуз Кудайга шүгүр. Бала кезден кыйналып чоңойгондуктан, жашоого бышып калыппыз. Бутубуздан тез эле турдук. Бирок канчалык аракет кылсак да, ата-энебиздин тентиреп ар кайсы жакта жүргөнү жүрөк оорутат. Түндө уктай албай ойго түшүп, кирпик какпай таң атырам. Чогуу жашаганы алып келсем, үч күнгө араң чыдайбыз. Күйөөмдөн уялам. Арак ичкендери, сурангандары тажатат. Эми кандай айла табам?
Диля
"Азия Ньюс" гезити











