Күйөөм каза болгон жубайынын бейитине барса кызганам
Мен Бектурга турмушка чыкканыма 5 жылдын жүзү болду. Жеңилин жерден, оорун колдон алып жашап келем. Бирок ал 10 жылдай мурун каза болгон жубайын унута албады. Бирге төшөктө жатсак да, уйку-соонун арасында анын атын атайт. Анын туулган күнү же өлгөн күнү болордо эки күн мурун даярдыкты баштайбыз. Күйөөгө тийген кыздарын, кудаларын чакырып куран окутабыз. Кыздары менен кымбат баалуу гүлдөрдү көтөрүп, бейитине барып келет. Майрам сайын анын бейитине гүл көтөрүп барат. Көпкө кечигет. Кээде мага башы бош эмес адамдай эле сезилет. Кызыктын баары менин туулган күнүмдө болду. “Эмне кылаар экен?” деп алдын ала эскертпедим. Ал болсо эсинен чыгарды. Мага катуу тийди. Кечинде буркурап боздоп ыйладым. Аны каза болгон жубайынан кызгандым, жек көрдүм. Мындай абалда калсаңар силер эмне кылат элеңер?..
Жыпар
Aryba.kg