Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кайда баратабыз? Көзүңдү ач, бурадар!

Кайда баратабыз? Көзүңдү ач, бурадар!

13-март, 11:24
1 091 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коом эмне болуп баратабыз? “Аялдардын укугун коргойбуз” дегенге жамынып алып, тентек кыздарыбыз көчөлөп калды. Бири “туубайбыз, ичеги артпайбыз, чай куйбайбыз” десе, бири оозго алгыс сөздү плакатка жазып көтөрүп алып, коомго бүлүк салып отурат. Бөлөгүн айтпайлы, кечээки митингде береги плакат көтөргөн кыздын кылыгы катуу талкуу жаратты. Бул боюнча, же ушунун тегерегинде болуп аткан окуя тууралуу кээ бир адамдардын пикирин угуп, соцтармактагы ойлорун аңдадык.


Камила ТАЛИЕВА, коомдук ишмер:

-- Ушуларды колдоп, укугу тебеленди деп айкырган депутаттар да аман эле болсун! Бул ЛГБТсы аялдар темасын жамынып алып, коом үчүн атом бомбасынан да кооптуу, улут үчүн коркунуч алып келген айбанчылык жашоону таңуулап, жаш муунду, келечек муунду, улутту жок кылуу жолуна түшкөндөр. Булардын арасында мамкызматты аркалаган жетекчинин да жүргөнү андан да коркунучтуу, анткени анын колуна билим берүү тармагын мыкчытып койгон. Айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болуп калган капилетте жашап калдык. Кайран эл, кайран мамлекет кор болду!.. Биз – энелер балдарыбыз “көгүш”, кыздарыбыз лесби болушун каалабайбыз! Бир муштум болуп бирикпесек, бизди бириндетип, кыргыз улутуна доо кетиргени калды. Булар кечээ 100, бүгүн 1000, анан жүз миңдеп отуруп, улутту жок кылат! 


Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, коомдук ишмер:

-- Бул плакатты көтөргөн кыздын уяты жок, намыссыз! Кантип балдарыбыздын бетин карайбыз?! Бул жаш кыздын ата-энеси барбы? Коом кайда баратат, улуу адамдардан уялып, ызаат кылган назиктик кайда бул кызда?! Мен аялдардын укугун колдойм! Мен айымдарга карата зордук-зомбулукка каршымын, мен аялын күйөөлөрү сабап, өлтүргөнгө чейин баргандардын катуу жазаланышын талап кылам! Бирок, мен "күйөөгө тийбейм, чай куйбайм, аборт кылганга укугум бар" дегендерди колдобойм. Анткени кыргыз кылымдан бери келе жаткан эл! Мен деле келин болгом, кайната, кайненеме чай куюп, ичеги-карын артып, жүгүнүп оокат кылгам. Андан мен жаман болгон жокмун! Азыр келиндүү болдум, ал мага чай куюп берип, башка иштерди жасап жардам берип жатат. Келиним керсеңдеп, менин укугум бузулуп жатат деп жатып алса, мен ушунча жыл балдарымды багып, далай кыйынчылыктан өтсөм, эми да кыйналышым керекпи?! Муну укугу бузулуу эмес, улууну урматтоо, сыйлоо деп билем. Аялдардын укуктары бузулбай койгон жок, акыркы мезгилде аялдарга карата зордук-зомбулук көп болууда. Кордогондор сөзсүз укуктук талаада жазасын алышы керек!


Өндүрүш ТОКТОНАСЫРОВ, укук коргоочу:

-- Биринчиден, мен ал жерде болдум. Мындай плакатты көтөргөн кызды көргөндөй болгон жокмун. Атайын бирөөлөр монтаж кылып Фейсбукка чыгаргандыр. Экинчиден, болгон күндө деле мындай нерсеге терикпеш керек деп ойлойм. Ар ким өз көз карашын ар кандай ыкма менен түшүндүргүсү келет да. Үчүнчүдөн, менин кызым минтип чыкса, аны өзүнүн көз карашы катары кабыл алмакмын.


Гүлзат ААЛИЕВА, философия илиминин кандидаты:

-- Кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө, ошондой эле заманбап Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөргө караманча каршымын! Мен кыргыздын чолпондой кыздарын: энелерди, эжелерди, сиңдилерди ур-токмокко алып, зордуктап, кордоп, кайнак суу чачып азапка салып, кескилеп өлтүргөн чоң муштум эркек сөрөйлөрдүн мыйзам тарабынан жоопко тартылуусун жана аларды тескеген цивилизациялуу мыйзамдарды сыйлоону жалпы эле коом менен бийликтен талап кылам! Тилекке каршы, учурда салттуу кыргыз коому АКШ башында турган масондор жана радикалдуу ислам сыяктуу семит цивилизациясынын таасири астында улуттук баалуулуктардан ажыратуу (денационализация) процесстери менен коштолгон кылмыштуу иш-аракеттердин объектисине айланып бара жаткандай. 

Маалымат үчүн: семиттерге таандык масондор менен радикалдуу исламдын формасы гана бөлөк болгону менен маңызы бир эле. СССР кулагандан бери Борбор Азия чөлкөмү менен Кыргызстанды да өз кучагына алган постсоветтик геосаясый аймактагы жашоо мейкиндигин (Lenensraum) ээлеп алуу жана бул жерде жашаган элдерди "кыңк" этпес кул кылуу максатын көздөгөн радикалдуу диндер активдүү киргизилген. Радикалдуу исламды тараткан аалымдар деп аталган саткындар бир кездерде бийик принциптерге негизделген руханий маданиятты түзгөн улутту интимдик уят-сыйыттан ажыраткан толкунга негиз салып беришти. Аалымдардын порнографиялык мазмундагы аян-баяндарын шилекейи агып уккан жаш муундар 1991-жылдан кийин төрөлүшкөн. "Устатынан шакирти өтөт" болуп, туташ сабатсыз жана агрессиялык маанайдагы динчил жаштар адамдын интимдик чөйрөсүн чагылдырган уят-сыйытсыз сөздөрдү ислам баалуулуктарын коргоонун негизги "аргументине" айлантып алышканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргыз тарыхын бурмалап, улуттук баалуулуктарды "ширк", "мырк" атоо аркылуу, сүйүктүү пайгамбарды, анын сахабаларын, жубайларын, о.э. хадистердин еврей-араб авторлорун төбөсүнө көтөргөн аалымдар радикалдуу исламдын жардамы аркасында Кыргызстанда 

● баардык улуттук жана руханий баалуулуктарды атайылап жоготууну; 

● семит баалуулуктарынын үстөмдүгүн орнотууну; 

● демилгесиз, кайдыгер, бокооз жана төшөк темасына ынтаа койгон караңгы, сабатсыз элди мал сыяктуу айдап, гумандуу геноциддин жардамы аркасында кыргыздарга баш-көз болуп, аларды тескеп алууну атайы максатта кылып жаткандай сезилет. Гумандуу геноциддин экинчи жагы катары ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) деп аталган семит идеологиясы аркылуу гей, лезби миңдеген жылдарга созулган карт тарыхында кездешпеген нарктуу кыргыз элине чоочун, өгөй, нарксыз баалуулуктарды күчкө салып жайылтуу иш-чараларын айтса болот. Эскерте кетсек, ЛГБТ идеологиясынын чегинде секске басым жасалып, секстин культу орнотулат. Бирок, секс салттуу үй-бүлөнү сактап калуу жана бекемдөө максатын эмес, 

● нарктуу элдин жаштарынын ыйманын бузуу; 

● жыныстык адепсиздикти жайылтуу; 

● үй-бүлөнү бузуп, ажырашууларга алып барган жаңжалдардын санын көбөйтүү; 

● семиттерге таандык эмес элдин арасында балдардын төрөлүшүнүн санын атайылап кыскартуу, 

● семиттерге таандык эмес элдердин паспортунда алардын тегин көрсөтпөө жана паспорттон "улуту" деген графаны жок кылуу максатын көздөгөнү өкүндүрөт. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити  


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер