Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Журналист Эрнис Асек уулунун акыркы маеги

Журналист Эрнис Асек уулунун акыркы маеги

29-январь, 20:07
1 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


“Баштап коюп таштап салган далай чыгармалар “ыйлап” жатат, качан убакыт болот, билбейм”


Дагы бир оор кабарды эшиттик. Кыргыз журналистикасында чоң орду бар Эрнис Асек уулунан айрылып калдык. Демейдегидей эле кадырына, баркына жетпей, тирүүсүндө баалабай, кыргыз эли дагы бир таланттуу уулун жоготту. “Талант кенчи мүрзөлөрдө” демекчи, чети оюлбаган таланты менен арабыздан узап кетти.  

Кытайдын улуу ойчулу, даанышманы Конфуцийдин осуяттарын Эрнис байке кыргызчалап, китеп кылып чыгарганда “Азия Ньюс” гезитине маек курганбыз. Негизи маек бергенди жактыра бербеген Эрнис байке ошондо бир чыгармачылыгы тууралуу азыраак ачылып айтып берген экен. 


-- Эрнис байке, Конфуцийди кыргызчалап, чоң эмгек жаратыпсыз. Кыргызчалоого кандайча белсенип калдыңыз?

-- Мен эми Кун зы деп атай берейин. Негизи китепти окуган башка, түшүнгөн башка. Кун зы устатты түшүнүш үчүн котордук да. Дегеним, атайын белсенген деле жокмун. Китеп кылып чыгарайын деп ойлогон да эмесмин. Орусча окуганымды жактырып калсам, аны тереңирээк түшүнгүм келсе, дароо которгонго аракет кылам. Бир сыйра окуганга караганда, которгондо ар бир сөзгө терең маани берип, айтылган ойдон кенен түшүнүк аласың. Башкы себеп ушул болду. Атайын белсенип, укмуш бир котормо жаратайын деп Кун зыны күнү-түнү кучактап деле отурган жокмун. Бош боло калганда бир-экин афоризмин кыргызчалап койчумун. Бир күнү карасам, “Осуяттар” деген китебин толугу менен которуп салыптырмын. Анан аны Нуржигит угуп калып, дароо менден сурап алып, китеп кылып  чыгарып жатпайбы. Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Республикасынын президенти түзгөн “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы, жүзүнөн нур төгүлгөн, билимдүү жигит экен, Конфуцийди түшүнгөнүнө ыраазы болдум. Дегеле “Ыйман” фондуна, Нуржигитке, китепке баш сөз жазган философ агайыбыз Жамгырбек Бөкөшовго чоң рахмат айткым келет. Эми котормонун сапаты боюнча башка сөз дечи, окурман өзү баалап алат. Байыркы даанышмандын кичинекей эле бир бөлүгүн кыргызчаладым. Келечекте Кун зыны түз кытай тилинен ийине жеткире толугу менен кыргызчалаган азаматтарыбыз чыгат деген ишенимдемин.

-- Сиз орус тилинен кыргызчаладыңыз да, Конфуцийди которуу оор эле болсо керек?

-- Ооба да. Негизги максат – айтылган ойду түшүнүү керек болду. Бир казак досум бар эле, каза болуп калбадыбы, Төрөгалды Батырхан деген, Кытайда туулуп-өскөн, Бээжинде билим алган, кийин Алматыга көчүп келген, менден сегиз жаш улуу замандашым эле. Өзү жазган жагынан жок болсо да, Кун зыны түшүнгөн жагынан алдына киши салчу эмес. Ошол көп айтар эле: “Баурым, кыргызшага оодар, сенин колуңан келет” деп. Кыйтайча көп түшүнүктөрдүн маанисин ачып берди. “Дао” – жол же жол-жосун, жол-жобо экенин, “сяо” – сый, “Дэ” түшүнүгү – кыргызча дээр экенин түшүндүрүп бүтө алчу эмес, тимеле мээме куйчу да.

-- Анан Конфуцийди кандай түшүндүңүз?

-- Аябай жакшы суроо бердиң го?! Бул көөкөр киши экен көрсө. Өзү айтып жатпайбы, “мен жаңы нерсе ойлоп тапкан жокмун, болгону элдикин гана элге берип жатам” деп. Көөкөр дегеним, кыргыздын кадимки көөкөрүнө кымыз куюлат да. Анан кайкайган бурчтарына уютку калып калат. Жаңы саамал куйсаң, ал канжыгада чайпалып жүрө берип, баягы уюткуга бышып, балкымыз болуп чыга келет. Анан Кун зыга окшогон кишиге саамалдай болуп куюлсаң, уюткусуна уюп, бышып чыгат экенсиң да. Ал эми суу аралаш куюлсаң, ирип кетет окшобойсуңбу.

-- Котормодо “Ак ээк” деген түшүнүк жүрөт. Бул “аксакал” деген эле сөз болсо керек эле, сиз кайсы сөздү, кайсы түшүнүктү “Ак ээк” деп берип жатасыз? Анүстүнө бул сөз азыркы кыргыз тилинде колдонулбай деле калды.

-- Кеп ошол колдонулбай калганында. Негизи кыргыздын кандай сонун сөздөрү колдонулбай калды. Бул сөздүн табылышына чоң апам себепкер. Бала кезимде “ак ээк” деген сөздү көп айтар эле. Чоң апам өтө билимдүү киши болгон. 1900-жылы туулса да, араб, латын, орус арибин билчү. Араб тилиндеги куран китептерди окуй турган. Анан мен “ак ээк” деген эмне?” десем, “ээгинен ак сөз чыккан, калыс, эл башкарган акылман кишини айтат” деп калчу. Анан мен “благородный муж” дегенди “ак ээк” деп которуп жатпаймынбы. 6-7-класстан бекен, үйдөн “Афоризмы Конфуция” деген кичинекей китепче таап алып, барактап отурсам, чоң апам “эмне окуп жатасың?” деп калды, мен дароо “кытайдын ак ээги экен” десем, “кана, эмнелерди айтыптыр?” дейт. Же орусчадан которо алсамчы же түшүнсөмчү? Тагдырды кара, эми канча жылдан кийин ошол “кытайский” ак ээкти кыргызчалап жатпаймынбы. Мен сыйлаган тарыхчыбыз Тынчтыкбек Чоротегин айтып жатпайбы, “Эрнис “ак ээк” деген сөзгө жаңы түшүнүк берип жатат. Учурунда Чыңгыз Айтматов “личность” деген сөздү кыргызчылап, “инсан” деген сөздү киргизгенде, интеллигенция көп жакшы кабыл алган эмес, бирок кийин кадимкидей элге сиңип кетпедиби. Балким унутта калган “ак ээк” деген сөз да экинчи өмүрүн баштаар” деп. Балким...

-- Кытай эли ушул күнгө чейин Конфуцийдин идеясы менен эл башкарат экен. Чынчылдыка чакырган Конфуцийдин мамлекетти башкаруу тууралуу таамай саптарынан биздин саясатчылар да сабак алчудай экен, сиз кандай пикирдесиз?

-- Мамлекеттик кызматтагы киши сөзсүз Кун зыны окушу керек деп эсептейм. Кыргызчасы болбосо да, орусчасын, кытайчасын, англичесин, айтор, түшүнгөн тилинде окуса кана. Акылмандын мамлекеттик башкарууну түптөөгө, Адамгерчилик (человеколюбие) деген түшүнүктүн туу чокусуна чыгууга, мамлекеттик этиканы, каада-салт, үрп-адат, нарк-насилди туу тутууга, жол табууга багытталган осуяттарын журт башчылары билсе, колдонсо, тазарса, элибизге гана пайдасы тиймек. “Түздөрдү колдоп, кыйшыктардан жогору койсо, эл баш ийет. Эгерде кыйшыктарды сүйөп, түздөрдөн жогору койсо, элди башкара албайсың” дегени эле кандай таамай сөздөр!

-- Конфуцийдин кыргызчаланганы кызуу талкуу жаратты. Талкууда динге байланыштыргандар тууралуу пикириңиз?

-- Чындыгында, эч бир талкууну окуганым жок. Мен азыр интернетке да кирбейм, чөнтөк телефон да көтөрбөйм. Укканым боюнча интернетте, “фейсте” “Ыйман” фонду каапырдын китебин чыгарыптыр” деген сөздөр болгон экен. Эми дили жарды, түшүнүгү тайкы кишилер пас сөздөрдү айта бериши мүмкүн. “Пастык – түбөлүктүү, калганы көз жумганча, кирпик каккыча” деген чын белем. Кун зы жалпы адамзаттын кенчи. Биздин доорго чейин бешинчи кылымдарда жашаган кишини динге байлагандары кызык экен. Кун зы – бул чоң окуу, кайсы дин, кайсы улут болбосун, өз кадаа-салтына, өз баалуулуктарына чакырган киши. “Араб болсоң арабдай, кытай болсоң кытайдай, кыргыз болсоң кыргыздай бол” деп ак сөзүн айткан көөкөр киши, көсөм киши, ата-энени сыйлоого, өз динин бекем тутууга, билимге умтулууга, үрп-адатты сактоого үндөгөн киши. 

-- Өз чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Окурмандардын колуна тийеби?

-- Жазган киши жаза берет турбайбы. Ыр, аңгемелерди, кыска эсселерди иреттеп, компьютерге терип койдум. Бирок китеп чыгарайын деген оюм быша элек окшойт. Бирин-экин киносценарий, котормолор, эскерүүлөр бүтпөй жатат. 19 жашымда баштаган “Чоң жинди” деген романымды кырк жашымда бүтүрүп туруп, Гоголдой болуп өрттөп салдым эле, эми аны кайра жаза баштадым. “Абсурд театры” деген драма баштагам, ал жатат. Баштап коюп таштап салган далай чыгармалар “ыйлап” жатат, качан убакыт болот, билбейм. “Устанын тогоосу жок, бекердин чолоосу жок” деген мен болдум.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер