Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пандемияда эл кырылып жатканда “атамекенчилер” кайда эле?

Пандемияда эл кырылып жатканда “атамекенчилер” кайда эле?

10-сентябрь, 13:17
1 864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кымбат баадагы каз катар тизилген бусиктерди жалдашкан “атамекенчилер” Таласты, Ысык-Көлдү, Чүйдү кыдырышып, өздөрүн оппозициячыл күч катары жарыялашууда. Бийликтеги негизги көзүрлөрдү, криминалдарды ачык сындай алышпай, дүңүнөн урдурушуп, эл көзүн будамайлап жатышканы кандай? Ошол эле Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев баштаган талапкерлер эмнеге жалтакташат? Көрсө, булар Акүйдүн 7-кабатынын долбоору сыңарындай агытылып, жасалма оппозиция катары жарнамалоо кыныгын алышканбы? (Мына, “Бүтүн Кыргызстан” радикалдуу оппозиция болуп, бийлик менен күрөшүп атканына коомчулук күбө). А булар окшошпосо деле “кой терисин жамына калган карышкырлардын” образын ачып бергендерин карагылачы? Реалдуу чындык бекен?.. Анан калса, коронавирус каптап, элдер массалык түрдө оорушканда, кырылып жатышканда “атамекенчилер” кайда эле? Бүгүнкү үгүт ишин жүргүзгөндөй атырылып чыгышпайт беле? Ушунчалык да эки жүздүү болушабы? Айтор, кырааты келген суроолор арбын. Карапайым калк деле көрөгөч эмеспи, “атамекенчилерге” добуш салышпай, тескери бата берип коюшпайбы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер