Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миллиондогон украиндер тамак-аш тартыштыгына туш болду

Миллиондогон украиндер тамак-аш тартыштыгына туш болду

11-июль, 12:19
493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Согуштун айынан украиндер күнүмдүк азыктарга, эң керектүү товарларга жетпей калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) расмий өкүлү Томсон Фири билдирди. Маалыматка ылайык, согуш тооруган өлкөдө ар үчүнчү үй-бүлө жетиштүү көлөмдөгү тамак-аш менен камсыз боло албай келет. Кармаштар жүрүп жаткан чыгыштагы жана түштүктөгү айрым аймактарда калктын жарымы азык-түлүк тартыштыгын башынан кечирүүдө.

“Америка добушу” жазгандай, Фири уюм жардам берип жатканын, июнда 2,6 миллион кишиге азык-түлүк же акча таратылганын белгиледи. Андан тышкары, WFP украин экономикасын колдоо иретинде ал өлкөдөн мүмкүн болушунча көп азык сатып алууда.

Россия басып киргенден бери Украинанын экономикасы төмөндөп жатат. БУУнун маалыматына караганда, беш миллиондой киши салгылашуулардан качып, чет өлкөлөрдө башкалка издөөгө мажбур болду. Дагы жети миллиондой киши Украинанын ичинде жер которду.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер