Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Текебаевден так секире чоочуган Рысалиевде эмне мандем бар?

Текебаевден так секире чоочуган Рысалиевде эмне мандем бар?

07-декабрь, 20:40
947 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы“Бажа-гейт” жарлыгы менен чыр-чатакка кабылган Иманкадыр Рысалиев кайрадан жанданып, майлуу кызматка мурдун тыгууга кириштиби? Тар чөйрөдө бул боюнча кеп тарады. Баса, каарманыбыз бир туруп президенттин досу экенин божураса, бажасы менен баш тырмашса, жыргал эле жашоо ушунуку окшойт.

Суроо салалы: Аз күн мурун Иманкадыр Рысалиев Американы ачкансып, “Текебаевге жолосоң – шефтерге жаман көрүнүп каласың” деген афоризмди ойлоп таап, бир нерсенин шек-шыбырын билгендей оозанганы эмнеси? Так секире чоочуганында эмне мандем бар? Же соңку убакта Өмүрбек Текебаевдин популярдуулугу өсүп баратканына ичи ачышып, интригасын баштаган кербезиби? Көшөгөнүн артынан “иш жүргүзгөн” Иманкадыр аксакал 60тан ашса да акыл калчабай, Аксарай оюндарына аралашууга ашыкканы ушулбу? Натыйжада, “Ата Мекендин” лидерин жамандоо менен упай алууну ойлосо жаңылышат го?..

Ток этерине келсек, Рысалиевдин бир тууган бажасы Абылгазиев өкмөт башчылык кызматты мыкчып отурса, анда ага сөз тийгизбей эле отурбайбы? Саясый-экономикалык иштерден оолак турса, көлөкө түшүрбөсө, анын кылган жардамы ушул болмок да. Эрксизден “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” деген лакапты эстейсиң да-а...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер