Кундузбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Токтогул суу сактагычына көпүрө куруу эртелик кылат го...”

-- Кундузбек Кошалиевич, жолду кыскартуу максатында Токтогул суу сактагычынын үстүнө көпүрө куруу боюнча сунуштар айтылууда. Сиз бул сунушка кандай карайсыз?
-- Принцибинде жолдун кыскарганы жакшы. Бирок менин жеке пикиримде, ошого кеткен каражатты мурунку эле жолду кеңейткенге, коопсуздук жагын караганга жумшасак дурус болот го. Суунун үстүнө көпүрө курганга канча каражат кетет, анан ал көпүрөнү да карап, тейлеш керек. Анын акчасы канча болот, ошонун баарынын экономикалык эсебин чыгаруу кажет. Ошондуктан азыркы жолду эле кеңейтип, жол четине баржаларды коюп, мал өтпөгөндөй кылса туура болот.
-- Көпүрө кургандагы башкы максат – убакытты үнөмдөө болуп атпайбы...
-- Албетте, көпүрө курулуп калса жакшы, бирок азыр бир аз эртеби дейм да. Биздин экономика өнүгүп, күчөгөндөн кийин аны жасасак болот. Азыр көп социалдык объектилерди куруу зарыл. Райондо таза сууга муктаж айылдар бар. Кээ бир айылдарда мектеп, бала бакчалар жетишсиз. Каражатты ошол жакка жумшасак туура болот го деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити