Акыркы кабарлар
» Коом » Бир жумада коронавирустан 18 адам каза болду
Бир жумада коронавирустан 18 адам каза болду
25-январь, 11:52
604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌18-январдан 24-январга чейин коронавирустан 18 киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, мурдагы жумаларга салыштырмалуу COVID-19 вирусунан каза болгондор акыркы күндөрү төрт эсе жогорулады.
15 адам Бишкекте, Талас, Ысык-Көл, Баткен облустарында бирден киши көз жумду. Ош шаары, Ош облусу, Чүй, Нарын жана Жалал-Абадда өткөн жумадан бери өлүм каттала элек.
Расмий маалыматтарга караганда, каза болгондордун баары эмделген эмес. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2851 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 426 адамдан табылды.