Шектүү Алмамбет Салиевдин «табакташы» Улан Ниязбековдун амалкөйлүгү
Ысык-Ата РИИБнин орун басары Азамат Имамов министр Улан Ниязбековдун кадры. Бул экөө көптөн бери “сырдуу иштердин” күбөлөрү катары ымалашып келгени каңкууланат. Эң кызыгы, Улан Ниязбеков менен Алмамбет Салиевди дал ушул Азамат Имамов тааныштырып, “шилекей алышкан” дос кылууга салым кошконбу? (Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Алмамбеттин мал чарбасын, асыл тукум жылкыларын Азамат карап келгенин уктук). Ошентип, Улан Ниязбеков ИИМдин 7-башкармалыгына начальник болуп келгенден бери байма-бай Алмамбет Салиевге каттап, маалымат ташып турганын өздүк курамдагылар айтып жүрүшөт. Тар чөйрөдө экөө олуттуу маселе чечип, оңбогондой иштерди кылганы ачыкталабы? Кайдан? Тагдырдын тамашасын кара! Учурдагы ИИМ башчысы Улан Ниязбеков кечээги “табакташы” Алмамбет Салиевди сатып жибереби, же сактап калабы? Кандай кылса да туңгуюкка кептелгенин алдыртан сезип турабыз. Иралды азыркы бийлик башындагылар ойлонушу кажет. Же “карышкарга кой кайтарткан заманга” келдикпи?
"Азия Ньюс" гезити