Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Салимбай менен кучакташкан Мелис Турганбаевге мыйзам иштебейби?

Салимбай менен кучакташкан Мелис Турганбаевге мыйзам иштебейби?

15-сентябрь, 22:02
637 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былтыр Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин бизнес чөйрөсү будуң-чаң түшүп калган. Кылмыш дүйнөсү менен байланышкан бизнесмендер четинен камалышып, жазалоо расмиси башталган эле. Бул багытта “кустуруу” иши азыркыга чейин уланып келет. Андан бери дээрлик кылмыш дүйнөсүнө аралашкандарга чара көрүү актуалдуу бойдон калууда.  

Ал эми Салимбай байбачага байланышы бар бизнесмен, экс-чиновниктер да четте калган жок. Кылмыш иштери козголуп, чекесинен камалып атышат. Айрымдары качып да кеткенге үлгүрүштү. Мындай чакта Мелис Турганбаев менен Салимбайдын кучакташкан сүрөттөрү интернетке тарап, экөөнүн жакындан алакалаш экени тастыкталды. Криминалга байланган генералдын мамилесин кандайча чечмелейбиз? Башкалар камалышып, “окшуп” калышканда, Мелис Турганбаевди мыйзам кыйгап өтөбү? Кайсы логикага сыят? Атайын органдар баа беришпейби? Кыскасы, олуттуу суроолор жоопсуз калууда. Анан калса, Мелис Турганбаевдин баласы УКМКда иштеп жүрсө, көшөгөнүн артында баары эле аралашып калганбы? Эрксизден жылмаясың да.

Кандай болгон күндө да, коомчулук байкоо салып, сенсацияны күтүп калгандай. Салимбай байбача менен ымалашкан кыргыздын айрым көпөстөрү жоопкерчилик тартып, “кусуп” беришсе, кээ бири тоготпой басып жүрүшөт. Калыстык кайда? Эл карап турат да...    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер