Акыркы кабарлар
» Саясат » Садыр Жапаров Мирзиёев менен сүйлөштү
Садыр Жапаров Мирзиёев менен сүйлөштү
04-июль, 18:06


Бүгүн, 4-июлда Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.
Жапаров Кыргызстан Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айтты, “өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган” аракеттердин аркасы менен Каракалпакстандагы кырдаал жөнгө салынып, андан ары курчушуна жол берилбегенин белгиледи.
“Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформанын жыйынтыгы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болоруна ишенимин билдирди” деди президенттин басма сөз кызматы.










