Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Кудай болуу вазийпасы менен дүйнөнү вирус аркылуу башкарам”

Арстан Алай: “Кудай болуу вазийпасы менен дүйнөнү вирус аркылуу башкарам”

12-июнь, 15:51
4 944 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арстан иним менен тээ карантин баштала электе бир баарлаштык эле. Андан бери сүйлөшпөй калдык. Кабарын алып, ал-жайын сурадым. “Таажы илдети” деген немени сурадым.

-- Арстан иним, эмне иш менен алексиз?

-- Хан өзүнүн тактысында отуруп алып элин башкаргандай, мен да караңгы дүйнө тактымда дүйнөнү башкарып атам. Дин, эволюция ошол убакытка гана жарактуу болгон. Бул XXI кылымга жараксыз десем көпчүлүк мага күлгөн, “теңирчи, динсиз, каапыр” дешкен. Ошончо эле динчил экен, кана Аллахы сактаса, дегеле адамзатты, башка улутту вирустан сактайт эле го? Ошо сыяктуу бийлигимди жүргүзүп жатам. 

-- Кыргызстандан коронавирус качан кетет?

-- Кыргызстанда коронавирус барбы өзү? Өзүңүз ошону абдан терең журналисттик иликтөө кылып көрбөйсүзбү? Жок да! Эгер коронавирус болсо, үй-бүлөдөн үй-бүлөгө жугат эле. Агадан иниге, эжеден сиңдиге, бир туугандан бир тууганга жугуп, кадимкидей өлүм болот эле. Жок вируска “карантин” деп коюп, ага караганда өспүрүмдөр көп өлүп кетти го?.. “50 миң берели, 100 миң берели” дешип, ооруканадан же үйүндө өлгөндөрдүн жакындары менен соодалашып аткандарын угуп атабыз да. Же андай эмеспи? 

-- ...

-- Кыргыз – өзү вирус, кыргыз – өзү энергия. Коронавирус деген бул эпидемия эмес, бул – энергия. Көзгө көрүнбөгөн энергия. Эмне үчүн бийлик “коронавирус бар” деп атат? Анткени казынабыз, бюджетибиз нөл! Жыл башынан бери чек аралар жабылды. Бажыдан эчтеке жок. Анан айла кетти. Пенсия, айлык акы төлөш керек. “Бизде коронавирус бар” деп көрүнгөндөн карыз акча сурады. Мен Кыргызстанда коронавирус бар экенине ишенбейм.

-- Башка улутта, мамлекеттечи?

-- Мурунку маегибизде айткам, “Кытайга вирусту мен жөнөткөм” деп. “Кудай болуу вазийпасы мага жөнөтүлдү. Дүйнөнү куюн, булут, вирус менен башкарам” дедим. Америка өлкөсү эч качан согуш көрбөгөн. Өз учурунда Осмон империясы, Манас, Чыңгызхан, I, II дүйнөлүк согуштар барган эмес. Мен энергия жөнөтүп башкара берем, жазалай берем. Бизде курал жок. Биздин куралыбыз – от, суу, тоо, таш. Алар анан мага келет “эмне кылалы?” деп. А биз “пенде болбой адам бол” деп талап коёбуз. “Өз ордуңарды билгиле!” дейм!

-- Күзүндөгү парламенттик шайлоого аттанайын деген оюң барбы?

-- Парламентке кайсы партия кандай барса дагы кыргыз журтун эволюция кылып өстүрүп, улуулукка калыптандырбаса, анда эскиче эле чайналып кала берет. Кеп барганда эмес, барып алууда эмес, кеп алып кетүүдө. Азыр мен эски бийликтин ошо кезге чейин турушуна ишенбей турам, кашайып. Кара күч колдонуп барган күндө деле дүйнөгө ата жана эне болуп, дүйнөгө багыт берип алып кетишине ишенбей турам. Ошондуктан азырынча учур чак менен жашап туралы. Жагдайга көз чаптыралы, сунуштар түшсө аны карайлы...    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер