Чынара Мамажакыпова, блогер: “Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жакшы жыйынтыкка жете алды”

-- Өзбекстан менен Казакстанга инвестиция агымы көбөйүп, бизнес өнүгүп атканы суктандырып келет. Мындай деңгээлге жетүү үчүн биздин өкмөт кандай аракеттерди кылышы керек?
-- Сурооңузга бир аз кошула албайм. Себеби, соңку эки жылда инвестициянын көлөмү эки эсе өскөн. Ар кандай ири долбоорлор иштелип чыгып, четинен ишке ашып жатат. Мисалы, 2024-жылы өлкөдө 102 өнөр жай объектиси ишке берилип, 585 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, 8 миң жумушчу орун түзүлгөн болсо, быйыл министрлер кабинети 15 миң адамды иш менен камсыз кыла турган 128 фабрика-заводдорду ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул амбициялуу долбоорлор сөзсүз ички жана тышкы инвесторлордун жардамы менен ишке ашып жатат деп айтсак болот. Аны менен кошо дагы бир сүйүнүчтүү кабар – бул ИДПнын өсүшү боюнча Кыргызстан Орто Азия мамлекеттеринин сап башына чыкты. Демек, Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи өтө тездик менен кетип атат десек болот. А негизи инвесторлор келиш үчүн үч нерсе керек, алар: өлкөдө саясый стабилдүүлүк; мыйзамдуу өлкө, укуктардын сакталышы жана криминалдык элементтердин жок болуусу.
Ушул үч маанилүү жагдайды эске алганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийлиги жакшы жыйынтыкка жете алды. Анын арты менен бүгүн өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Буюрса, өлкөбүздө дагы көп өзгөрүүлөр болот.
"Азия Ньюс" гезити