Акыркы кабарлар
» Саясат » Зеленский Батыштын атайын кызматтары көзүмдү тазалайт деп чочулоодо
Зеленский Батыштын атайын кызматтары көзүмдү тазалайт деп чочулоодо
06-июнь, 12:07


Украина президенти Владимир Зеленский Батыш тараптын атайын кызматтарынын же Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын кол салуусунан коркуп жеке коопсуздук чараларын күчөттү. Бул туурасында Раданын экс-депутаты Илья Кива жазган.
"Зеленский кечээ украин аскерлери кол салат деп коркуп жеке сакчыларын күчөтүү тапшырмасын берди", — деп жазган саясатчы.
Ал Украинанын Куралдуу күчтөрү Зеленскийдин майнапсыз башкаруусуна — жеке курамдагы жоготуулардын көптүгүнө жана украин талааларында жеңилүү арбын болуп жаткандыгына нааразы экендигин белгилеген. Мындан сырткары, экс-депутаттын белгилегенине караганда, мурдагы советтик республиканын жетекчисине Батыш тараптын ичи чыкпай жатат.










