Акыркы кабарлар
» Саясат » Эл ичинде Райымбек Матраимовго кайгыргандар арбын экен
Эл ичинде Райымбек Матраимовго кайгыргандар арбын экен
30-март, 22:58
540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт?” дейт. Анын сыңарындай, Райымбек Матраимов камакка алынып, убактылуу келген сыноону баштан кечирүүдө. Жакшылыктан күдөр үзбөш керек, чыдамкайлык менен сабырдуулукту каалайбыз! Адам канчалык капаланып, куса болсо, ошого тете кубанычтуу күндөрдү Жаратканыбыз ыроолойт эмеспи. Андыктан, духту көтөрүп, ден соолукка көңүл бөлүп, бекем турса гана ийгиликти багындырат да. Эске сала кетүүчү жагдай, эл ичинде Райымбек Матраимовдун камалышына кайгыргандар арбын экен. Көпчүлүгү унчукпай, ичтерине буктарын катып жатышкандай. Байкалууда. Коомчулукта талкуу жүрүп атат. Ал эми козголгон кылмыш иштерине ишенүү кыйынбы? “Адам уурдоо, кыйноо, кол салуу...” сыяктуу кинелердин коюлганы кандай? Убакыт, тарых баарын таразалайт. Кудай буюрса, эртең эле Райымбек мырзанын эркиндикке чыкканын көрөбүз дечи. Жашоо философиясына алаксый туралы...
А баса, кармалган бир туугандарын тез эле коё беришсе керек...
Бөлүшүү:
А баса, кармалган бир туугандарын тез эле коё беришсе керек...
“Азия Ньюс” гезити