Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Комендант Жеңиш Жоробеков кимдерди тепкилебей калган?..

Комендант Жеңиш Жоробеков кимдерди тепкилебей калган?..

08-апрель, 18:30
1 274 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Эссе ордуна)

Жалал-Абаддын коменданты Жеңиш Жоробеков ТВдан маданияттуу сүйлөгөнүнө, интеллигент экенине күбө болуудабыз. Ал опер кезинде юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Кезинде Карабахка чейин согушка барганын, Түркиядан эрежесиз эр урушка чыгып, кыргыздын намысын коргоп жүргөнүн көптөрү биле бербесе керек.

Жеңиш Жоробеков Түркиядагы милициянын жогорку академиясын артыкчылык диплому менен бүтүп келген. Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуулукка каршы опер болуп иштеп, көптөгөн бандиттерди өз колу менен кармап, өлкөбүздүн бейкуттугу үчүн иштеген. Бул жагынан эрдиктери арбын. Беш-алты жигитти жапыра чаап эле басып кетчү тура. Ал тартипти сактоо, коопсуздукту камсыз кылуу таризинде кыйла кызмат кылган да. Бир катар региондордо жана Бишкекте жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Башкаларга белгисиз бир купуя маалыматты ортого салалы. Жеңиш мырза табиятынан карылуу, катуу мушташкан жигит. Тубаса палван. Оңой менен ачууланбайт, эгерде жини келсе, анда токтотуу кыйын. Миша деген досуна далай болушуп жүргөн. Көпчүлүгүн бурап, муунтуп, же учура чапканын көргөнбүз. 2010-жылдан кийин Таалай Дегенбаев, Капар Батырканов, Рафик Мамбеталиев, Мирлан Каниметов, Канат Жумагазиев, Улан Ниязбеков ж.б. полковниктерди аз жерден урбай калганын билгендер саймедирешүүдө. Ал эми чүкөдөй болгон генералдарды чыпалагы менен эле мурундарын канатып коеру ажеп эмес. Себеби, муштуму кувалда... Биздин баатырдын устаты ким дебейсиздерби? Албетте, айтылуу Пармаш да!

Кыскасы, Жеңиш Жоробеков ар тараптуу инсан, эң башкысы, мекенчил азамат! Мындан ары да элибизге ак кызмат кыларынан ишеним чоң!

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер