Бала бакчалар качан ишке кирери али белгисизби?
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өкмөттөгү брифингде балдардын билим берүү мекемелери качан ачыла тургандыгын айтты.
“Билим берүү министрлиги мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик бала бакчаларга мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, республикада 9000ге жакын бала бала бакчаларда тарбияланат. Балдардын коопсуздугу биринчи орунда болгондуктан, биз бала бакчалардын ишин тийешелүү кызматтардын уруксаты менен гана улантабыз» деди Жусупбекова.
Буга чейин балдардын билим берүү уюмдарынын ассоциациясы президенттен, өкмөттөн жана парламенттен жеке бала бакчалардын ишин жандандырууну талап кылышкан. Билдирүүдө эгер алардын кайрылуусуна дагы көңүл бурулбаса, ассоциациянын өкүлдөрү тыюу салынганына карабастан, ишин улантышарын айтышкан.