Жамин Акималиев, академик: “Тажиктер бизден арзыбаган баада жемиштерди алышып, кайра иштетип чыгышууда”


-- Жамин ага, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу кеп кылсак кандай дейсиз?
-- “Азык-түлүк коопсуздугу” деп айтса эле кээ бир аткаминерлер ага сырттан ташып келинген товарларды да кошуп жиберип атышат. Бул туура эмес. “Азык-түлүк коопсуздугу” деген качан гана өзүбүздөн өндүрүлгөн, чыгарылган азык-түлүк менен элибизди 85 пайыздан жогору камсыз кылган учурда ишке ашты (!) деп айтыш керек. Кечээ карасам, айыл чарба министрлигинин кызматкери сырттан ташып келинген товарларды кошуп, “баары жайында” деп жазып жибериптир. Ушуга келгенде биз кийинки жылдары бул маселе боюнча жакшы ийгиликтерге жетишкенибизди айтсам жаңылышпайм. Себеби, мурун, бир нече жылдары катары менен картошка, жашылча жана сүт менен гана камсыз кылып келген болсок, азыр беш азык-түлүк менен камсыз кылдык. Дагы төрт азык-түлүк бизге баш ийбей турат.
-- Кайсылар?
-- Биринчиден нан. Нан – азык-түлүктүн негизги көрсөткүчү. Эт, жер-жемиш жетишсиз болсо адам жашай берет, бирок нан жок бир күн адам жашабайт. Бүгүнкү күндө 65 пайызга жеттик. Калган 35-40 пайызын чет мамлекеттен сатып келип атабыз, Россиядан, Казакстандан. Жыл сайын 250 миң гектар жерге буудай сээп атабыз. Муну 400 миң гектарга жеткиришибиз керек, андай шарттар бар. Бизде Ысык-Көл аймагында жабышкагы (клейковина) 32 пайызга чейин жетет, абдан жакшы. Чүйдө, Таласта эксе болот. Биздин окумуштуулар чыгарган буудайдын мыкты сорттору бар. Алсак, Интенсивная, Кыял, Жамин, Тилек деген. Буларды жакшы бакса, гектарына 60-70 центнерден сапаттуу түшүм берет. Мына ушуларды жандандыргандын ордуна мурунку министр Жаныбеков Россиядан миллиарддаган сомго буудайдын уруктарын сатып келип, коромжуга учуратты. Ал жактын шарты менен биздикин салыштырып болбойт да.
-- Айтсаңыз, жогорудагы сапаттуу уруктарды жаздык кылып эгиш керекпи же күздүккө ыңгайлуубу?
-- Негизинен күздүк кылган абдан пайдалуу. Анткени, жаздыкка караганда 35 пайыз түшүмдүү. Биринчиден, жазында талаачылык жумуштар көп. Ал эми күзүндө эгилген уруктар жазга чейин тамыр алып, жаз келери менен баштары көтөрүлүп калат. Анүчүн бир миллион тонна буудай керек. Азыр биз 600 миң тонна гана буудай өстүрүп атабыз.
-- Сиз далай жолу өсүмдүк майы тууралуу “бизде өндүрсөк болот” деп айтып келесиз. Ушу жагын кантип байыта алабыз?
-- Өсүмдүк майын мурун биз толугу менен камсыз кылып атканбыз. Азыр 80 пайызын сырттан сатып алууга мажбурбуз да. Ошонун кесепетинен баалары кымбатка түшүп атат. Өсүмдүк майы болмоюнча үй-бүлө оокатсыз калат эмеспи. Биздин шартта жакшы өсүп, майын бере турган күнкарама, зыгыр, сафлор, соя деген өсүмдүктөр бар. Кептин баары анын айдоо аянтында. Азыр төрт эсе азайтып жибергенбиз. Эгер айдоо аянтын көбөйтсөк, жакынкы жылдарда өсүмдүк майы менен өзүбүздү өзүбүз камсыз кылып, тынч жашап калабыз.
-- Жумуртка да азык-түлүк коопсуздугунда бирден-бир өзүбүз камсыз кыла турган продукция го?
-- Муну да ашып кетсе 60 пайыз камсыз кылабыз. Калганы Россия, Казакстан же башка мамлекеттен келет. Өзүң билесиң, Сокулукта райкомдун 1-секретары болуп иштеп турганда үч чоң ири канаттуу фабрика бар эле. Борбор шаарыбыз Фрунзеде миллионго жакын калкыбызды жапжаңы, бузулбаган тооктун жана өрдөктүн эти, жумурткалары менен камсыз кылчубуз. Анын баарын союз ыдыраганда итбекер баага приватташтырып алышып, эми жаңыдан куруп атышат, бул да жетишсиз. Бирок, буларды кайрадан жандандырып, заманбап тоок фабрикаларын курушса, өзүбүздү камсыз кылсак болот. Анүстүнө жумуртка тез бузулуп кетүүчү азыктардын катарына кирет. Сырттан келгиче бузулуп, элдин баары нааразычылыгын билдиришүүдө.
-- Жер-жемиштерди камсыз кылсакчы?..
-- Таңгала турган нерсе. Көлдүн алмалары, Баткендин өрүгү сатылбай, чирип, бузулуп, зыянга учурап атат. Эми караңыз, жер-жемиш менен элди 40 пайыз гана камсыз кылат экенбиз. Чындыгында баары жетиштүү. Кептин баары кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Андыктан, биздикилер өндүргөн жемиштердин 30 пайызы жокко чыгып, бир пайызы гана кайра иштетилет экен. Ошон үчүн варенье, компот, шире же эл аралык талапка жооп бере турган кургатылган жемиштин түрлөрүн чыгарса болот да. Ошол коңшу тажиктер бизден арзыбаган баада жемиштерди сатып алышып, заводдорунда кайрадан иштетип чыгышып, Россияга 10 эсе жогору баада сатып атышат. Муну биздикилер түшүнүшү керек да.
-- Эми этке келели. Бу да көйгөй жараткан маселе болду, сиз эмне дейт элеңиз?
-- Эттин өндүрүлгөнү көбөйдү. Малдын саны союз мезгилиндегиге караганда эки эсе көп. Анын ичинде жылкылар 350 миң болсо, азыр 550 миңдей. Кара мал 700 миң болсо, азыр бир жарым миллионго жетти. Тилекке каршы, бизде эт жетишпей, сырттан сатып келгендин эсебинен кымбаттоодо. Эгерде өзүбүз арзан өндүрсөк, сапаттуу эт менен камсыз кылмакпыз.
-- Анүчүн эмне кылышыбыз керек?
-- Малды жайлоого айдап жибербестен илгеркидей комплекстүү түрдө бордоп семиртүү кажет. Жем, кургак чөп, силос деген болгон. Бир күндө бир килого чейин салмак кошушчу. Азыркылардыкы ашып кетсе 600 грамм кошуп атат. Эгер ушуну колго алышса, өзүбүздү эт менен камсыз кылбастан экспорт жагы да өздөштүрүлмөк.
-- Негизинен айыл чарба эмнеден аксап атат деп ойлойсуз?
-- Аксаган жактары өтө көп. Бир нерсеге токтолоюн: илгери колхоз, совхоз деген болгон. Азыркы дыйкан, фермерлер өзүлөрүнө тийешелүү 1 же 2 гектар жерине чектелүү өсүмдүктөрдү айдап, чектелүү түшүмдөрүн алып атат. Бүт баары чектелүү. Эгер ирилештирип, 10-15 дыйкан чарба биригип бир кооператив түзүп, ортодо жери кенен, аны иштетүүгө баардык техникалары болсо жаманбы? Анан мындай кооперативдерге өкмөт 4-5 пайыз менен насыяларды берсе, андан да жакшы болгону атпайбы...
-- Жамин ага, ушуну менен токтото туралы. Кооператив тууралуу кийинкиде кененирээк токтолу. Кандай дедиңиз?
-- Мейли.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











