Кыркын сарай, кылкылдаган кыз-келин


(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
Көк астында көөнө айылым жатыры чалкып. Тегереги тоолор менен курчалып, ак көбүк сапырган агын дайрасы нур чалып. Асман тиреген ак кайың, мырза теректери, сугуңдү арттырган суупери мажүрүмдөрү, жыпар жыт чөп-гүлдөрү менен чалкып жатыры. Баягы жыт. Баягыл таштан-ташка урунган суунун жыты. Мөлтүр кашка таптаза аалам...
Бүгүн жолугушуунун экинчи күнү. Классташтар менен токойго чыктык. Бул жерди “кыркын сарай” деп аташат айылдагылар. Аты эле болбосо, сарайдын пайдубалы да калбаптыр...
Кой кыркын болот дегенде кичине болсок да күтүп калат элек. Оо, майрам эле да ал күндөр! Жамы журт үчүн майрам эле. Көкөтөйдүн ашындагыдай казан-казан эт кайнап, кызмат кылган кымча бел кыз-келиндер жаркылдап. Күргүштөп жүрүп жаткан кой кыркын, койчулар күрү-күү. Борбордон келген артисттер, айыл-айылдардан концерт көрөбүз деп келишкен элдер, аларга тартылган чара-чара эт. Артиси менен койчусу катар отуруп бакылдашып... Бир заман, бир доор өткөн экен да...
Кыркын сарайдын бет мандайындагы токойго конок тосуучу үйлөр салынып, боз үйлөр тигилип, өзүнчө бир эс алуучу жайга айланыптыр... Канчалык ыр угуп жатсам да, күүлдөгөн дарыянын шоокуму кулакка кирет. Көкүрөк ошону көксөйт да. Тээ ак чоку, кара чоку тоолоруна чейин мындай чоң суудан үчөө бар. Онунчу классты бүтүп жатканда дал ушул жерден кыздар-балдар болуп суу кечип өткөнбүз. Эки өрүм калтар чачтарды, үрүл-бүрүл үлпүлдөгөн көйнөктөрдү жамгыр жууп, балалыктын эң бийик чокусунда турдук эле... Эч эсимден кетпейт ошол күн....
Агып жаткан сууну тиктеп отурам. Эл “Дубайга бардым, Египетти кыдырдым, Париждин Эйфель мунарасына чыгып эс алдым” дешет. Ал дагы жакшыдыр, бирок мен ушул шылдырап аккан суунун жанында отурсам эле эс алам.
-- Эмне, суу менен сүйлөшүп жатасынбы, Динар? - деди Анаркүл жаныма келип.
-- Ооба, бул суу сени жакшы тааныйт экен, сен жөнүндө ырдап жатыры, - дедим. Күлүп калдык.
-- Чын эле, ушул дарыядан суу ташып, балдарымдын кир-когун жуучу элем. Тээтиги эски үйдү көрдүңбү, ошондо Болот экөөбүз сегиз жыл жашадык. Балдарыбыз мектепке велосипед менен барып келип окушту. Электр жок, чырак менен отурчубуз. Азыр баары жакшы болуп калбадыбы, - деди.
Бир курдай келгенимде “Анаркүл менен Болот токой чарбасында иштейт” деп уккам, көрсө, ушул жерде жашашыптыр да. Бул жер айылдан бир топ эле алыс...
Жыгачка жан киргизген Осмонбек чоң ата
Көчөнүн эң башында боз үй, ээр токумдарды жасаган Осмонбек аттуу чоң атабыз (бир урууданбыз) жашачу. Боз үйдүн уук-керегелери эшигинин астында жыйылып турганын көрчүмүн. Кичине болсок да ары-бери өткөндө ал кишинин эмгегин балаап өтчүмүн.
Ороскан, Сейиткан аттуу эки баласы да айыл мыктыларынан эле. Сейиткан байкемдин уулу Уларбек Осмонбеков биз менен окуду. Жакшы окуган, ак саргыл бала эле, зыңгырыгын адам болуптур. Ороскан чоң атам өмүр бою колхоздо актив болуп иштеди. Анаркүл классташым ошол Ороскан чоң атамдын уулу Болот байкебизге турмушка чыккан.
Мектептен жогору кеткендер (Динар, Жылдыз, Чынаркан, Гүлбайра, Райкан, Айнагүл, мен, Таалай, Кылыч, Уларбек, Досманбет, Азис, Калыс) чогуу жүрөт элек. Жайында токойго кайрылып суу кечип, кышында кар урушуп, үшүгөнүбүздү деле сезчү эмес экенбиз.
Үмөт молдо менен Имам Бухари
Бейбаш кыздар жетинчи класска келгенде токтолуп, созолонуп калдык. Класска жаңы кыздар, балдар келишти. Досманбет деген бала келди, бою узун, башка улутка окшоп ак-саргылынан келген, орусча сүйлөйт эле. Класстагы кыздардын баары жактырышып, отуруш-потуруштарда айланчыктап эле жүрүшчү...
Элмира Уметова келди, мурун окуп кеткен. Биздин биринчи мугалимибиз Акраман Уметов агайыбыз Элмиранын чоң атасы. Алардын чоң чоң атасы Үмөт молдо айылга биринчи мектеп ачкан, биринчи хирургияны алып келген өтө билимдүү киши болгон экен. Үмөт молдо жөнүндө китептер жазылды, кино да тартылып жатканын уктум ушу барышымда. Өтө кызык инсан. Ак жеринен жалаа менен кесилип кетет. Эртең менен багымдат маалында эшиктердин кулпуларын дуба менен ачып, даарат алып, намаз окуп кайра кирчү экен. (Гезит бети ченемдүү болгондугу үчүн көп нерсесин жазалган жокмун, олуя киши болгон). Мени таңкалтырганы – ал кишинин өлүмү. Үйүнө кайтаарда түрмө кайтаргандар сакалын кыркып таштайт. Ошондо жанындагы айылдаштарына: “Менин үстүмө үч сааттан кийин киргиле, жакшы жууп, көмгүлө. Бул кепиндик. Айылыма мулуюп кантип бармак элем” деп ак бөз карматып чыгып кетет. Кийин киришсе чын эле үзүлүп кеткен экен... Адалынан арамы, агынан карасы көп бу жалган дүйнөгө батпай кетип, Жараткандан өлүм суранганбы, акыл жетпейт. Курандан кийинки ыйык китеп – хадистерди чогулткан, өмүрү бир ооз калп айтпаган (калп айткан киши хадис жыйнай албайт, түбөлүккө калуу – чындык менен гана түптөлөт – Д.Б.) имам Бухарини “калп фатва чыгарат” деп жалаа жабышканда, ал да ушундай жол менен бу дүйнө менен кош айтышкан экен. Айыбы эле падышанын сарайында иштеп, “хоп-хоп” дебей койгону.
Айылда “Үмөт молдо” атындагы бала бакча бар, шаардын бала бакчаларынан ашса ашат, кемибейт. Мектептер да ачылат деген үмүтүм бар...
Жакшы адамдын кыбырасы Элмира ушу барышта комузда кол ойнотуп, шаңшыган үнү менен коштоп ырдап берди. Комузда да касиет бар эмеспи. Орду-орду менен сүйлөгөн зыңгыраган айым болуптур Элмира классташыбыз.
Манастын кароол чокулары, ак чокулар, зилзала
Таластын тоолорунан айланайын, Манас атам кароол чоку кылган тоолор. Чын эле кароол чокуга чыкканда бүт өрөөн алаканга салгандай көрүнөт. Аралда “ак чоку”, “кара чоку” деп аталган тоолор бар. Ак чокунун таштары акиташ сыяктуу аппак, тескей бетте. Кара чоку – күнгөйдө, таштары да кара болуп жылтылдайт го, далай чыктык. Жер тиритирөөдө көчпөгөн, былк этпеген бекем тоолор. 1989-жылы Таласта катуу жер титирөө болду.
Сүйлөшүп отурсак, Анаркүл классташым ошол титирөө жөнүндө айтып калды.
-- Жаңы эле уй саап келип казанга куйган элем. От жакканы жаткам. Тоодо мал багат элек ал убакта. Бээ саайм, уй саайм, сүт тартам. Өзүм көп балалуу жерге келин болгом. Дыйкан чарба жаңы түзүлүп, элдин малы менен чыкканбыз. Өзүбүздүн да мал көп. Таң куланөөк атып кела жатканда турабыз, ошо менен кыбырап жаныбыз тынбайт. Болот канжыгага кымызын байланып алып, кой артынан кеткен.
“Күү” деген катуу үн менен жер бир силкинип өттү, казандагы сүтүм төгүлүп, боз үйдүн ичи аппак болуп жатып калды. Мен аттап-буттап барып эле кызым Айзаданы алып, сыртты көздөй чуркапмын. Кайненем көптү төрөп, ден соолугу жогураак эле, домикте жатчу. Биз кайнилерим менен боз үйдө жашайбыз.
-- Жеңе, бизди деле ойготуп койсоңуз болмок, - деп бир кайним ыйлайт, ошондо эсиме келдим. “Болот кантти экен?” деп ойлоном. Ат минип баратса ит асманды карап улуп, тоону көздөй чуркаптыр. Болот бир жамандыкты сезип эле аттан түшүп, чоң жардын астына кирип үлгүрүптүр. “Тоодон үйдөй болгон таштар жаныман, үстү жагыман учуп жатыры” дейт. Маңдайыбызда агып жаткан чоң суу бир заматта капкара болуп калды. Эми туруп жай турмуш баштап жатат элек, бир көз ирмемде астын-үстүн болуп, дүйнө сапырылып эле калды. Мал кырылды. Кырылганда да жарымын таштар жулуп кеткен, жанчылган, айтор, аябай жаман. Кайнатам раматылык элдин малын таратты кулактарындагы эн боюнча, билинбей калганы билинбей калды, ит-кушка жем болуп... 8-9 баллга биздин тоолор туруштук берет экен, Динар, башка жактагы тоолор, жарлар жылып кетти деп уктук, - деп Анаркүл үшкүрүнүп койду.
Биз арык жээгинде сүйлөшүп отурдук. Ары жактан классташтар келип, “баскыла бийлейбиз” дейт, биз “азыр-азыр” дейбиз, сөздүн кызуусуна кирип....
Ушул токойдун токой болушунда Анаркүл менен Болоттун чоң салымы бар экен. Ак кайың, мырза терек, мажүрүм талдарды урук кезинен, калемче кезинен өстүрүшкөн экен... “Артыңа из калтыргың келсе бак өстүр, балаңды жакшы тарбияла” дейт. Анаркүл менен Болотко рахмат дедим чын ниетимен, бак да өстүрүп, балдарын да жакшы тарбиялаптыр...
Биз асман тиреген ак кайың, мырза теректерди карадык. Шамалга шуулдап, шуудурап ырдап жатышты...
(Уландысы бар)
Динара Бейшеналиева, Талас району, Арал айылы
"Азия Ньюс" гезити











