“Тажикстан менен чектеш Баткен, Лейлек райондору өтө кооптуу абалда турат”
Шайлоо шайлоосу менен, алыскы Баткен, Лейлек райондору коңшу Тажикстан менен чектеш эмеспи. Биз чек арага жакын райондорду унутуп калбашыбыз керек. Ошондон улам: “Кыргыз-тажик чек арасы кооптуу эмеспи? Эки тараптан келишпестиктер байкалууда... Алдын ала кандай чараларды көрсөк болот?” деген собол таштадык.
Карамат Орозова, коомдук ишмер:
-- Кыргыз-тажик чек арасы бүгүнкү күндө абдан кооптуу. Себеби, эки мамлекеттин аталган чектеш жерлери алигүнчө такталып бүтө элек. Бу жерде ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы бар. Ортодогу буга чейинки келишимдердин чийкилигинен ушундай жагдайга туш келип отурабыз. Ошондуктан бул келишимдерди кайрадан карап чыгуу керек. Чек арада жайгашкан биздин элдер аябай кооптуу абалда жашап жатышат. Ата-бабалар мурас кылып таштап кеткен жерлерди кайтарышып, кайдыгер болбой, таштап кетип калбай, кол салууларга колдорунан келишинче туруштук берүүдө. Адамдарга коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бизде Коопсуздук комитети же чек ара кызматы дегендер бар. Андан сырткары, чек арага жакын жайгашкан жерлерди бош калтырбай, муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүп берген оң. Чек араны бекемдегенден кийин гана эки мамлекеттин ортосундагы чыр-чатак токтойт. Дагы бир нерсени айтып коюшубуз керек, чек араны тактоо, аныктоо, пикир келишпестикке бир гана мамлекет башчы чекит коё алат.
Мамат Айбалаев, коомдук ишмер:
-- Чек ара көйгөйү Баткен менен Лейлек районунда өтө кооптуу. Себеби, СССР тушунан тартып эле эки маселе: жер жана суу көйгөйү болгон. Ошондуктан аны чечүү эки-үч вариантка барып такалат. Биринчи вариантын бийлик коомго жар салып, “Ворухту алмаштырабыз” деди. Бир эле Ворухту эмес, бери жакта 5 миң адамы бар тажиктердин Мачаи айылы бар, кыргыздардын Үч-Дөбө менен Ортобоз айылдарынын жанында жайгашкан. Андан сырткары, Көк-Таш айылында көчөнүн аркы бети тажиктер, берки бети кыргыздар жашайт. Тажикстанда кыргыздар жыш жашаган Жерге-Тал жана Мургаб райондору. Андагы жашаган кыргыздардын 50 пайыздайы Чүй бооруна көчүп келип алган. Тажиктерди айтыш керек, “кыргыздарды кууп чыгып жатасыңар” деп. Экинчи вариант: Тажикстанда Ленинадаб облусунда мен губернатор болуп турганда 17 айыл бар болчу. Ошону алмаштыруу вариантын караш керек. Антпесе, жыл өткөн сайын тажиктердин саны көбөйүп атат. Азыр 10 миллиондон ашты. А биз 6 миллиондун аржак-бержагыбыз. Өзгөчө Баткен менен Лейлекте миграция болуп, элдин көпчүлүгү Чүйгө, Бишкекке көчүп келишүүдө. Ошондуктан а жерге жумуш орундарын түзүү зарыл. Бош жаткан жерлерди өздөштүрүп, бир ишкерге бир гектардан берип, Лейлек районунун санын (эгерде бүгүн 250 миң болсо) 400-450 миң кишиге жеткирсе болот. А Баткен районунда учурда 90 миңге жакын эл жашайт. Анын санын эч болбосо 150-170 миңге чамалатсак. Ошондо гана туруктуулук менен тажиктерге каршы тура алабыз. Эң негизи, чек араны бекемдеп жабуу абзел. Себеби, ал жерде эл аз болгондуктан, коңшу мамлекет бизге күндө кооптуу абал жаратууда. Негизинен, тажик эли өз алдынча республика болуп жакында пайда болушту. Мурун Кокон хандыгы, андан кийин өзбектер башкарып турду. 15 союздук республика болуп, чек ара бөлө баштаганда биздин Жерге-Тал, Мургаб райондору, андан сырткары Ленинабад облустары Тажикстанда калып калды. Өз учурунда биздин “азаматтар” мындай нерсени эске алышпай, алешемдик кылып коюшкан.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити