Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темирлан Аскеров: “Өнүккөн өлкөлөр менен кызматташтык кылбаганыбыз акылсыздык катары эсептелет”

Темирлан Аскеров: “Өнүккөн өлкөлөр менен кызматташтык кылбаганыбыз акылсыздык катары эсептелет”

19-август, 18:30
354 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дүйнө күндө өзгөрүп турган учурда биздин тышкы саясаттагы ордубуз, элчилерибиздин ишмердүүлүгү ойлондурбай койбойт экен. Учурдагы тышкы саясаттагы ордубуз канааттандырабы?

-- Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы эң биринчи орунда болушу керек. Анткени учурда дүйнөлүк окуялар бат алмашып турган кез. Өзгөрүүлөр жана кандай процесстер болуп жатканына карап талдоо жүргүзө алган, чет тилин мыкты билген кесипкөй элчилерди коюшубуз керек. Биздин негизги багытыбыз өлкөнүн биримдиги, тынчтыгы жана бүтүндүгү сакталып, кыргыз экономикасын алдыга жылдырып, инвестиция тартып келгенге жаңы технологияларды үйрөнүп жана дүйнөлүк базарга чыгуу үчүн кадамдар жасалышы зарыл. Менимче, учурдагы эң чоң долбоор Кыргызстан–Өзбекстан–Кытай темир жолу. Ушул багыттагы иштерди күчөтүп, эл аралык жолдорго, жаңы портторго, океандарга чыкканга кадамдар жасалып, жаңы аэропортторду салуу – учур талабы. Чет элдик инвестицияны тартканда биздин элчиликтер көп иш аткарат. Алар келгенде бизнеске шарт түзүп, жеке менчик кол тийбестиги болуусуна өкмөт кепилдик бериши абзел. Эң маанилүүсү, кадрлар тышкы саясатында күчтүү, элдин кызыкчылыгын биринчи планга коюп иштегендери туура деп ойлойм. Эски, калыптанган жолдордон, түшүнүктөрдөн кетели. “Кыргызстан кичинекей мамлекет, эч нерсе чечпейт. Башкалар бизден акылдуураак” деген түшүнүктөр таптакыр жоюла турган учур келди. Жаңы, бир багытта план менен иштеген тышкы саясат керек. Анан албетте, кийинки муундун келечегин ойлонуп, 30-50 жыл алдыга кадам таштай турган тышкы саясат болушу зарыл. Мына ушунун баары аткарылса, өлкөбүздүн аброю жогорулап өсүп, бизге бакубатчылык менен өнүккөн заман келет. 

Бизде Европа биримдиги, АКШ менен келишимдер жокко чыгарылган. Бул чоң катачылыгыбыз деп ойлойм. Анткени өнүккөн өлкөлөр менен кызматташтык кылбаганыбыз акылсыздык катары эсептелет. Ошондуктан тез арада Европа биримдиги жана АКШ менен жаңы эки тараптуу келишимге кол коюлат деген чоң үмүтүм бар. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер