Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акаев, Бакиев жана Атамбаевди сатып кеткен Исаковдун туруксуздугу

Акаев, Бакиев жана Атамбаевди сатып кеткен Исаковдун туруксуздугу

30-декабрь, 17:00
1 559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Артка кылчаялы. Исмаил Исаков убагында Аскар Акаевден жогорку кызмат, генералдык чин-даражаны алган. Кошомат кылыппы? Кийин Курманбек Бакиев бийликке келгенде министрге чейин өсүп, кыйла эле байыган. Баласына мыйзамсыз негизде квартира алып бере коюп, камалып кеткен жайын билесиңерби? 2010-жылы БЭК бийликке келгенде, кайрадан Исаков күч органдарынын бирине конуп, кыйла жыргаганы эсибизде. Июнь окуясы боюнча айыпталганычы?.. Алмазбек Атамбаевдин аркасы менен КСДПдан 2010-жылдын күзүндө депутат болуп, кыйла эле доор сүргөн. Ошентип, үлкөндөрдүн артына эрмеше берип, кадыр-барк күттүбү (?) десек, андай эмес экен. Өткөн шайлоодо “Азаттык” партиясы менен парламенттик шайлоого чыгып, жыдып калды. Ахматбек Келдибековдун акчасына туйтунуп, элге, саясатка аралашканын танабы? Эми тескери кетип, “жыгылган күрөшкө тойбойт” таризинде чырдын башында туруп, өзүнчө эле кыжынып атат. Элестеткиле, Акаев, Бакиев, Атамбаевдин жакшылыгын көргөн, алардын аркасы менен көтөрүлгөн Исаков баарын сатып кетип, жетимиш жаштан ашса да жулунуп-жулкунуп жүрөт. Ушундай адам кантип муратка жетсин? А бүгүнкү бийликтегилер деле “генералдын” туруксуздугун байкашып, оолак кармашканы ушулбу? Сатып кетүүнү Чыңгызхан кечирчү эмес... А биздин саясатчыларга көндүм көрүнүш тура. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер