Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийлик бутактарынан курултайчылардын отчет алышы – карама-каршылыкты жаратат”

“Бийлик бутактарынан курултайчылардын отчет алышы – карама-каршылыкты жаратат”

28-ноябрь, 19:34
1 488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башмыйзамды кайра-кайра өзгөртүүнүн мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги таасирлери тууралуу кеп козгоп, ар кандай көз караштарды ортого салууну туура көрдүк.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

-- Бүгүнкү аракеттеги Башмыйзамды толук кандуу иштетпей келишти. Кимдер? Президенттер Атамбаев менен Жээнбеков. Алар ошол парламентаризмдин негизги принциптерине сугарылган Конституцияны тоготуп дагы коюшкан жок. VI чакырылыштын депутаттарынын чыккынчылык позицияларын пайдаланышып, өлкөнүн бийлигин узурпациялап алышты. Ошентип, эч кимге ишенбей калган эл жаңы Башмыйзамдын кабыл алынышын талап кылды. Аны референдум менен гана ишке ашыруу зарыл. Болгону шашкалактабай, Конституцияны жакшылап бышырып, элге бийликти кайтарып берүү абзел. Өзүнүн бийлик ээси экендигин сезген калың журт мындан ары бийликти узурпация кылууга жол бербейт. Диктатура жөнүндө сөз болушу дагы мүмкүн эмес!

Шаирбек Маматокторов, жарандык активист:

-- Башмыйзамды кайра-кайра өзгөртүү өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзбөйт. Анүстүнө, бүгүн бизде жаңы бир башкаруу формасына өтөлү (!) дешкен жок. Тескерисинче, 2007-2009-жылдардагы супер президенттик башкаруу формасын сунуштап жатышат. Бул – артка кадам. Биз андай системада жашап көргөнбүз. Анда үй-бүлөлүк же кландык башкаруу орноору турган иш. Сунушталып жаткан долбоордун дагы бир кемчилиги – парламенттин ыйгарым укуктары өтө кыскартылган жана өкмөттүн ишмердүүлүгүн, мыйзамдардын аткарылуусун көзөмөлдөө функцияларынан ажыратылган. Кокус, 10-январда шайлана турган президент кайра эле авторитардык режим орното турган болсо, анда эл өкүлдөрү кантип андай зулум президентти кызматынан четтетет? Импичмент процедурасы өтө эле татаал берилиптир. Ооба, эл сабатсыз парламенттен тажап, депутат деген сөздү уккусу келбей калды. Саясый лидерлер партиялык системаны өздөрү үчүн жеке бизнеске айлантып жиберишти. Эл таптакыр унутта калды. Бирок, кеп парламенттик системада эмес, кеп биздин саясатчылардын деңгээлинин төмөндүгүндө. Жашоосу барган сайын начарлап аткан эл аягында парламенттик башкаруу болбогон нерсе экен деген тыянакка келди. Анүстүнө, 4-октябрда болгон ыплас шайлоо кыжыры келип турган элди аянтка чыгууга мажбур кылды. Жыйынтыгында, бийлик алмашып, президенттик башкарууга кайтып келүү керек деген ураан менен Садыр Жапаров бийликке келип калды. Себеби, эл альтернатива издеп, кайсы бир жаңы саясый каарманга муктаж болуп турган эле. Зулум президент Атамбаевдин куугунтугунан көп запкы тарткан, адилетсиз сот чечиминин негизинде түрмөдө отурган саясатчы Садыр Жапаров так ошол эл каалаган каарман болуп чыкты. Жөнөкөй элдин арасында мындай чоң колдоосу бар саясатчы эмне десе да, эл коштоп-колдой берет экен.

Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу мамлекет башкарууда өтө маанилүү экендиги менен эч кимдин иши жок. Ошондуктан, эл азыр эйфорияда жана “Конституция алмашса эле жаркын жашоо башталат деп ишенип жатышат. Бирок, экономика, тилекке каршы, саясый эйфорияга карап жогорулабайт. Экономика – колунан иш келген компетенттүү адистерден турган өкмөт иштегенде гана жогорулайт. Ал эми президенттик башкарууда өкмөт толугу менен президенттин кол алдында болот жана өз алдынча реалдуу реформаларды жүргүзө албайт. Ал эми бир адамдын башы алтындан болгон кезде деле, бийликтин үч бутагын тең тийиштүү деңгээлде башкарып кетпейт да

Дагы бир кызык жери, азыркы долбоордо курултай институту кирип, ал бийликтин үч бутагынан тең отчет алат экен. Демейде, эл шайлаган парламент отчет алчу. Эми ошол парламент курултайга кантип отчет берет? Негизи, парламенттин өзү элдик жыйын да, же ошол эле курултай. Бул жерде да функцияларды кайталоо болуп калыптыр. Иши кылса, көптөгөн карама-каршылыктар көрүнүп турат. 

Ал эми биздин өлкөдөгү олку-солку абал, мыйзамдуулугу шек жараткан конституциялык реформа эл аралык чөйрөдө өлкөбүздү жакшы жактан көрсөткөн жок. 35 млрд. сом бюджеттик таңсыктыкты жоё турган булак жок болуп турат. Азыркы бийлик карыз жана грант сурабаган жер калбады. Эл аралык финансылык институттар биринчи кезекте биздин Башмыйзамыбызга көңүл бурат. Биздин улуттук нормативдик актыларда демократиялык принциптер, адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери, сөз эркиндиги сыяктуу фундаменталдык баалуулуктар сакталганбы же жокпу (?) деп тактап алып, андан кийин гана колдоо көрсөтөт. Албетте, өзүбүздө каражат жетиштүү болсо, күчтүү экономикабыз болсо, анда эл аралык пикирге көңүл бурбай деле турсак балким болмоктур. Тилекке каршы, бизде азыркы тапта андай мүмкүнчүлүк жок.

Сактанбек Кадыралиев, дипломат:

-- Текебаевдин Конституциясы ортозаар: же толук парламенттик, же президенттик эмес. Партиялык система менен партия лидерлерине бизнес жасоого, коррупцияга жол ачкан. Атамбаевдын түзөтүүсү деле парламентке көбүрөөк бийлик бергени менен парламент «чөнтөк парламентке» айланган. Жээнбековдун акыл-билим дарамети Конституцияны оңдоого жетпегендиги, өзүнөн билим деңгээли төмөн спикер шайланышын камсыздады. Ошентип, Текебаевдин Конституциясын биздин коом кабылдабады. 

Эми парламентти өзгөртүү үчүн Конституцияны өзгөртүү керек. Мен жаңы Конституция эмес эле азыркы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү оң болмок деп эсептейм. Парламентти эки палаталуу кылып, мыйзам чыгаруу палатасы 45 (7 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 5тен киши) депутаттан турса, беш жылга бир мандаттуу округдан шайланса деген ойдомун. Экинчи, эл өкүлдөр жыйыны курултай деген ат менен ар бир айыл аймактардан экиден киши (айыл аймактардын депутаттарынан) төрт жылга шайланып, жылына эки жолу жыйналып, өкмөттүн ишин угуп, бюджетти бекитип, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырып же четке кагып турса дейм. Айыл өкмөттөр өз өкүлдөрүн каржылап жыйынга жөнөтсө, анык элдик бийлик десек болот. Мыйзам чыгаруу жыйынына шайлангандар кол тийбестик менен ар түрдүү кошумча каржылоодон ажыратылганда, таза, эл деп иштей тургандар келмек.

Конституция ар өлкөнүн элинин каалоосуна, өнүгүү жолуна карата болуш керек.  Эмнеге Батыш жана башка өлкөлөрдүн эрежелерин алып, өз баалуулуктарды эмес, Батыштын эрежесин карманыш керекпиз? Биринчи өз үйүңдүн жыргалчылыгын камсыздай турган эреже керек. Башкалар биздин эрежени жактырабы-жактырбайбы – алардын иши. Өзүбүз тың, өз кадыр-баркыбызды, жарандардын жакшы турмушун, мамлекетибиздин бейкуттугун камсыздаган эреже болсо өнүгүүгө жетсек, бизди таанууга мажбур болот. Глобализация улуттук өзгөчөлүктү талкалайт, улут, тил жоголот. Ошондуктан, таптакыр эле изоляцияда калган күндө да элдин кызыкчылыгы эң башкы орунда турушу керек.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер