Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Жаш кыздарга хиджап кийгизип, маңкуртчулукка баратабыз”

“Жаш кыздарга хиджап кийгизип, маңкуртчулукка баратабыз”

23-август, 09:00
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Интернет айдыңында, дээрлик соцтармакта молдокелердин даават айтышканы, калың катмарды динге үгүттөгөндөрү арбын жайылууда. Ошол эле кезде улуттук баалуулуктарды, каада-салттарыбызды даңазалаган берүүлөр жокко эсе. Мындай абал кооптонууларды жаратпайбы? Кыргыз идеологиясы, мамлекеттүүлүгү кургуйга кетип бараткан жокпу?..” деген собол таштадык.

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер: 

-- Акаевдин тушунда “Кыргызстан – наш общий дом” деп коюп, дүйнөдөгү бүт түрдүү агымдар, диндер, секталар, гейлер ж.б. биздин улуттун салтына, наркына туура келбеген көп иштер болуп кетти. Өсүп келаткан жаштарга терс тарбия берди. 8-март деген жакшы аялзатынын майрамы бар эле, баарыбыз энебизге, эжебизге, карындаштарыбызга гүл берип куттуктачу элек. Акыркы 10 жылда 8-март майрамын гей-парадка айлантышты. Анысы ас келгенсип, экс-ажобуз “музейдеги жылаңач аял – маданият, денесиндеги жазуу – адабият, музейде өтсө – руханият” деп, биздин нарк-насилибизге диверсия жасады. Молдокелер босо “бир туугандар үйлөнө берсе болот!” деп даават айтып, кылымдардан бери келген салт-санаабызга чыккынчылыктын одоно жагдайын жайылтуу аракетин жасашууда. 10 жыл аралыгында Сирияга миңдеген кыргыз жарандарын согушка жиберишти. Бангладеш, Пакистандан кыргыздын салттуу динине туура келбеген башка багыттагы диндин бир шумдук түрүн алып келишти. Негизи, дүйнөдө дин ынтымакка, тынчтыкка, биримдикке алып келүү кызматын кылыш керек. Бизде бир дин – бир ислам, бир куран, бир мечит болуш керек эле, акыркы 10 жылда Кыргызстанда 73 дин, 73 ислам, 73 куран, 73 түрдүү багыттагы мечиттер пайда болду. Бул улуттун келечегине, урпактарыбызга, тарыхыбызга балта чабат, Ооганстан болууга алып келет. Ошондуктан азыр элдик курултайдын астында салттуу дин боюнча мыйзам жазуу сунушталууда. Улуттук идеология мыйзамын ЖКга, президентке сунуштадык. Президент деле 30 жылга анализ берип, саресеп салып, такка келери менен салт, нарк, рух, тил, дил жөнүндө мыйзамдарга кол койду. Кудай буюрса, кылымдардан бери сакталып келген ата-бабадан калган Башмыйзам – салт, нарк-насил, үрп-адат (!) мына ушу менен жашайбыз. Кылымдарды карыткан ата-баба жолуна түшсөк, салттуу, нарктуу, ооматтуу, дөөлөттүү, улуу кыргыз каганатындай мамлекет болобуз!

Гүлжан Шерипбаева, журналист:

-- Диний үгүт иштеринин кулач жайышы жана ага карата атайын нукка салынган көзөмөлдүн жоктугу, албетте, кооптонтпой койбойт. Себеби, биздин улуттун өзөгүнө, тамырына доо кетире турган багыттагы ар кандай диний агымдардын өз кызыкчылыгына ылайык ээн-эркин даават кылып жатышы келечекте сөзсүз терс таасирин тийгизет. Дегенибиз, кайсы диний багыт биздин элдин наркына, баалуулуктарына төп келет? Кайсылар тымызын радикалдык-экстремисттик идеологиялык мүдөөсүн жайылтып жатышат? Акыркы жылдары буларды талдап, ылгоо мүмкүн болбой баратат. Мунун кесепети жаман. Барып-барып диний көз караш, баалуулуктардын кагылышуусу орун алышы ыктымал. Мына ушул коркунучту азыртадан алдын алуу зарыл. 

Экинчиден, азыркы кезде жалпы Борбор Азия өлкөлөрүндө диний башкарууну орнотуу аркылуу Афганистан сыяктуу башаламандык жаратууну көздөгөн Американын атайын узак мөөнөттүү стратегиялык план-программасы иштеп жатканын көптөн бери саясый, диний аналитиктер белгилеп келишет. Бул түшүнгөн адамга чоң коңгуроо болууга тийиш. Демек, биз өзүбүздүн өзөгүбүзгө кайтып, ата-бабаларыбыз калтырган улуттун баалуулуктарын даңазалап, Манас баштаган нарк-насил рухий баалуулуктарыбызга таянып, “мен кыргызмын!” деген тамырды бекем карманышыбыз – учурдун талабы. Ансыз улут катары да, мамлекет катары дагы жоюлуп кетчү кооптуу доордуу баштан кечирип жатабыз. Андыктан, мамлекетибиз кубаттуу болуп, кыргыз улуту өз жүзүн жоготпой, урпактарга бейпил келечек, татыктуу жашоого шарт түзүп берели. Бала бакчадан тартып, мектеп, жогорку окуу жайлардан бери кыргыз таануу, нарк таануу, Манас таануу өңдөнгөн улутубуздун рухий нарктуулугубузду чагылдырган сабактарды окутуп, мекенчил муунду накта кыргыз кылып тарбиялашыбыз парз! Ансыз болбойт.

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Мамлекет дааватка баргандарга тыюу салышы керек. Кадимкидей президенттин указы менен. Андайга баш ийбей аткандарга олчойгон суммада айып салуу чарасын колдонсун! Азыр бизде мамлекеттик деңгээлде идеология жок. Эгер идеология жөнүндө сөз кыла турган болсок, анабашында Манас туруусу кажет. Бала бакчадан баштап, ЖОЖдордун студенттерине чейин Манас окутулуусу зарыл. Манасты билген, ага сугарылган адам эч кандай жаман жакка барбайт. Коррупция, уурдамай, тономой, адамга жамандык кылуу дегенди билбейт. Экинчиден, бала бакчадан баштап, мектептерде кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, жөрөлгөлөрүн жайылтуу максатта системдүү иш-чаралар, программа-долбоорлор жүрүп турганы оң. Бул иштерди жүзөгө ашырууда 10 жылдын ичинде Арабияда, Англияда жана Кытайдагы архивдерди апкелип (мейли, миллиондогон каражат коротуп), кыргыздын накта тарыхын жазыш керек. Биз светтик мамлекет экенибизди унутуп атабыз. Динге жамынып алып терс көрүнүштөрдү жасап жаткандар толтура. Четинен кармалып атышат, аларды угуп алып төбө чачың тик турат. 

3-4 жолу Арабияда, ошол эле Мекке, Медина шаарларында кыргыздын тарыхын изилдегени баргам. Өзүмдү ажы катары эсептебейм, эсептегим да келбейт. Иордания өлкөсүндө изилдөөчүлүк иштерим болгондо паранжы кийдик. Анткени ал жердин жаратылыш шарты ошондой, кум учурган ысык шамал болот. Жергиликтүү эл “бизде эркегибиз да, аялдарыбыз дагы паранжы кийингенибиз ушундан. А силер болсо жөн эле паранжы, хиджап кийинип алып бизди мазактап атпайсыңарбы. Эгер биздин жашоо-шартыбыз силердикиндей болгондо өмүрү оронуп-чулганмак эмеспиз” деп айтып атпайбы! Эгер “сүннөт” дей турган болсо, эркектерди 3 жашында “отургузат” эмеспи. А кыздардыкы болсо кулагын тешип сөйкө салгандан кийин бу деле “сүннөт” делет. Сен мусулмансың, бүттү! Анан ошону ашырып, ашынган эркектерибиз дамбал кийип, татынакай кыздарыбыз кейпин бузуп оронуп-чулганып, жапжаш кыздарыбыз эри өлгөнсүп капкара хиджап кийип алгандары өтө туура эмес. Кыргызда эзели мындай болгонун билбейт экенмин. Муну акмактыктын, билимсиздиктин белгиси деп эсептейм. Маңкуртчулукка баратабыз. 

Ушуга улай аталаш инимдин дааватка кеткенин кыстара кетейин. Айылга барсам, иним жок, сурасам чөп чабык учурунда Ошко дааватка кетиптир. Келгенин күттүм. Учурашканы барып, белимдеги курду чечип алып аябай сабадым. “Ошто сага пок барбы? Дааваттын балээсин аласыңбы? Үйүңө келсем балдарың ачка отурат, чөбүң чабылбай, куурай болуп калыптыр. Аныңды мал эмес айбан да жебейт. Экинчи ушундайыңды укпайын!” дедим. Азыр мени көргөндө зырпылдап турат...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер