Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, энергетика эксперти: “Президент элдин убалына калгандарды жазаласын!”

Расул Умбеталиев, энергетика эксперти: “Президент элдин убалына калгандарды жазаласын!”

21-январь, 12:00
426 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


-- Энергетика тармагындагы жетекчилер “кышында свет өчпөйт” деди эле. Берген убадалары кайда кетти? Сиз кандай ойлойсуз?

-- Биздин энергетика министри, улуттук “Энергохолдингдин” жетекчилери жай-күз мезгилине карата элине, бийликтин баардык жогорку бутактарына убада беришип, “кыш мезгилинде эч кандай өчүрүүлөр жана чектөөлөр болбойт. 100 пайыз даярбыз, көмүр, газ келип атат. ГЭСтер иштеп атат, көмөк чордондорун даярдап койгонбуз” дешкен. Бирок, 10-январдан баштап кескин түрдө аба ырайы өзгөрүлүп, суук башталгандан бери алардын даярдыгын көрүп жатабыз. Кыргызстандын баардык аймактарында свет эки сааттан кем эмес өчүрүлүп атат. 

-- Эмнеден улам ушундай болуп атат?

-- Өндүрүлүп аткан энергиянын көлөмү пайдаланып аткан энергиянын көлөмүнө караганда жетишсиз болуп атат. Ошонун себебинен көмөк чордондорду өчүрүп, электр энергияны элге аз берип, анын ичинде ишканаларга зыянын тийгизүүдө. Булар болбоду дегенде күн мурун эскертип, “тиги же бу жакта саат мынчадан тигинчеге чейин электр жарыгы болбойт” деп койсо, анча зыяны болмок эмес. “Датка-Кемин” линиясында 12-13-январда өчүрүүлөр болду. Нарын, Ысык-Көл облустары жарыксыз калган. Кечээ 17-январда Бишкек жылуулук борборундо 13-от казан иштебей калды. Демек, энергетика министрлиги жана улуттук “Энергохолдинг” кышка даяр эмес экенин көрсөттү. 

-- Көбүнчө карапайым элге убал болуп аткансыйт...

-- Энерготармактын жетекчилери ар кандай шылтоолорду айтып, өз элин алдаганга аракет кылышууда. “Перегруз болуп атат, трансформаторлор жакшы иштебей калды. Көпчүлүк эл электр энергиясын ашыкча көлөмдө пайдалангандан улам ушундай каатчылык абалга туш келүүдөбүз” деп аткандарына жол болсун! Анча болду, карапайым элге шарт түзүш керек эле. Көмүр кымбат. Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абадда жаратылыш газы тартыш болуп, келбей калды. Башка жерлерде басымы төмөндөп, көлөмү азаюуда. Электр жарыгын толук кандуу бербей жатышат. 

-- Кошуна Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев энерго, газ тармагындагы жетекчилерди ушундай көрүнүштөрдөн улам жазалап атат. А бизде тынч го?

-- Туура айтасыз, жумуштан алчусун алып, албагандарына сөгүш жарыялап, жазалап, катуу чара көрүүдө. Биздин да электр тармагынын жетекчилерине кышка тийешелүү даярдык көрбөгөндөрү үчүн президент катуу чара көрүп, элдин убалына калып аткандарды жазалашы керек эле, элди кыйнап койду. Чындап келгенде, көпчүлүк ишканалар да токтоп турат. Мамлекеттин экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Муну президент да, өкмөт да карап чыгып, аныктап, тыкыр изилдеп туруп, “эмнеге кышка даярдык болгон эмес?” деп күнөөлүүлөрдү жоопко тартуусу зарыл!   



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер