Акыркы кабарлар
» Саясат » Камчыбек Ташиев УКМКнын аброюн кетирип бүткөнү калдыбы?
Камчыбек Ташиев УКМКнын аброюн кетирип бүткөнү калдыбы?
28-май, 18:51
1 978 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Олуттуу чечимдерди кабыл алууда УКМКнын жетекчилери Камчыбек Ташиевге ишенбегендей түр көрсөтүшүп, ички маанайда түшүнүксүз ыргылжыңдык байкалганы кабарланды. Системада карама-каршылык, ишенбөөчүлүк жаралганы эмнени билдирет? Буга чейин мындай эки анжылык түзүлбөптүр. Төрага Камчыбек Ташиев кимдир бирөөлөрдү камакка алууну алдыртан айтып, ал иштер жүзөгө ашпаганы, материалдар жетишпегени менен УКМКнын беделине сокку уруп атканы ыраспы? Айтор, чекисттер башчысын жеригени күндөн-күнгө ачыкталып, аягы жаңжалга баратканын айтышууда. УКМКнын орун басарлары аз да болсо туруктуулукту кармашып, айыптарын ачпай атканы чынбы?..
"Азия Ньюс" гезити