Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Абактагы Атамбаевдин маанайы боевой экен”

Исхак Масалиев: “Абактагы Атамбаевдин маанайы боевой экен”

18-февраль, 19:00
2 570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     

   -- Исхак Абсаматович, сиздин өз оозуңуздан угалычы, абакта жаткан Атамбаевге барып, кечирим сураганыңыз чынбы?

-- Жок, андан эмнеге кечирим сурамак элем? Мен ошол замат жооп жазбадымбы. Аны жазбайын дедим эле... Билесиңер да, 2010-жылы эки жума камакта жаткам. Ошондон улам анча-мынча саясатчылар камакка жатып калса, өзүмдүн демилгем менен кабар алып, көңүлүн алып коём. Элмурза Сатыбалдиевге, Камчыбек Ташиевге, Ахматбек Келдибековго баргам. Өмүрбек Текебаев менен Исмаил Исаковдон да кабар алгам. Жакында болсо Алмазбек Атамбаевге барып койдум. Анан бирөө “барып кечирим сурады” деп жазып коюптур. Ошон үчүн айла жоктон жооп беришке туура келди. Болбосо, мен мындай нерселерди эч качан мактанбайм.

-- Жазган киши бирөөнүн айтканына таянды да?

-- Сөзсүз. Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин аны бирөөгө айткан. Мен аксакалга бирдеке деп айта албайм. Балким, келгендердин бирөөнө айткандыр... Кечирим сурай турган негиз жок. Мен сунуштаган долбоордо “экс-президенттен кол тийбестикти таптакыр алып таштайлы” дегем. Бирок, Курманкул Токторалиевич “Жогорку Кеңеш макулдук берет” деген сыяктуу оорлошкон жол мен алууну сунуштаган. Мен ал долбоорго каршы добуш бергем. Ошондо да көбү “өзүнүн долбооруна кантип каршы добуш берет?” деп таңгалышкан. Каршы болгон себебим, мен берген сунуштан мазмун жоголуп калган.

Мен Алмазбек Шаршеновичке айттым, “жеке менин пикиримде, сиздин ТЭЦ боюнча аралашканыңыз бар, ал жерде колуңуз турат. Бирок, сот сиздин күнөөлүү деп тапкан жок” деп. Ошон үчүн мен бирдеке деп айта албайм. Ал эми калган иштер: Батукаевдин иши, октябрдагы окуялар боюнча ачык эле айтам, туура эмес. Камай турган башка кишилер. Паспортту Атамбаев өзү жазып бериптирби? Жарандык берген болсо, ал президенттин укугу. Батукаевди болсо “мыйзам чегинде бошото бергиле” деп койгон. “Өлүп калат” деп тыянак берген киши “Манас” ордени менен сыйланып атпайбы.

-- Алмазбек Шаршеновичтин маанайы кандай экен?

-- Настроениеси боевой эле. “Сотко эмнеге барбай жатасыз?” десем, “шоуга барып эмне кылам? Көрүнүп эле турбайбы. “Октябрь окуялары учурунда өзүмдүн машинама өзүм ок аттым” деп айтамбы?” дейт. Айтор, ар бир кылмыш иши боюнча анын өзүнүн көз карашы бар экен. Бирок, өзүнөн кеткен каталарды мойнуна алып атат. Албетте, “адаштым” деп айткан жок, бирок жанындагыларга өтө ишенип алганын мойнуна алды. Абакка түшкөн киши ошондой болот да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер