Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садык Шер-Нияз: “Мандатымды албай жатышса, жаш балача ыйламак белем?”

Садык Шер-Нияз: “Мандатымды албай жатышса, жаш балача ыйламак белем?”

15-октябрь, 12:12
1 641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир аз күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз социалдык баракчада: “БШКга баратам. Депутаттык мандатымды тапшырам. Биринчиден, менин бул чечимиме үй-бүлө, бала-бакырам ынанды... Экинчиден, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович Текебаевге өз ордумду берем” дегендей билдирүү тараткан эле. Ал эми кечээ ЖКнын кезексиз отурумунда Садык Шер-Нияз депутат катары жүргөнүн, кадимкидей легитимдүү (азыр ушинтип сүйлөп калдык) добуш берип атканын байкадык. Ушундан улам кыскача эки суроо берип, жообун тыңдадык.

-- Садык иним, мандатыңыз эмне болду?

-- Өзүңөр билгендей, БШКга барып өз ыктыярымда мандатымды тапшырып, ордумду партия лидери Өмүрбек Текебаевге бошотмокмун. Тилекке каршы, алар менин мандатымды албай коюшту, кабыл алышпады. 

-- Себебин айтыштыбы?

-- Ак дешпеди, көк дешпеди, “болбойт” деп так кесе жооп айтып туруп алышты. Себебин да түшүндүрүшпөдү. Анан эми “болбойт” деп атса, жаш балача, эшигинин алдына отуруп алып ыйлап көшөрбөдүм.

-- Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин маселеси кантти?

-- Кантмек эле, “отпадает” болуп калды... Баары мурункудай калды. 

   

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер