Кучак толо розалары менен жигит көрүндү...


Ал саатына карады. Дагы 10 мүнөт. Эч качан белгиленген убакыттан эрте келген эмес. Ар дайым баардык жерде кечикчү. Бирок бул бүгүнкү күн башкача. Келбесечи?.. Ал чочуп, буту менен өтүгүндөгү карды тээп койду. Келет. Жүрөгү ишенип турат. Үчүнчү ирет күзгүсү бар кутусун алып чыгып, жүзүн кылдаттык менен карап чыкты. Эми ал мени жактырбасачы?.. Жүрөгү кайра ооруп, үмүтсүз азаптан муунду. Бул сезим менен ал жарым жыл жашап, ага шерик болуп калды.
Асмандан сейрек кездешүүчү кар бүртүкчөлөрү түшүп жатты. Чын эле сүйүү деген азаптуу сезим экенин туюп, бир кызыктай абалда турду. Эч кимди жактырчу эмес. Деги эле жигиттердин айыбы гана көрүнүп турчу. Ашыкча феминизмден жаралган текеберлик мүнөздүн ээси эле. Бирок сүйүү келип, заматта жүрөгү таштай катуу кыздын сезимин азапка салып койду.
Бул жигит менен капыстан тойдон кезиккен. Экөө тең тойдо конок болушкан. Ал келин тараптан, кыз күйөө тараптан эле. Ызы-чуу, түгөнбөгөн тажатма тосттор. Кыз тойдон кетүүнү каалап отурган. Мырза менен капыстан таанышты. Таанышар менен баягы текебер мүнөзү шамалга учкандай жок болду. Кичипейил, жөнөкөй кызга айланды.
Бүгүн жолугушмак. Бирок жигит кечигет да... Аңгыча кучак толо розалары менен жигит көрүндү...
Айдай
"Азия Ньюс" гезити











