Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Манасчы” менен Манас таануучуга тиш кайрагандар кимдер?

“Манасчы” менен Манас таануучуга тиш кайрагандар кимдер?

25-май, 18:47
792 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2022-жылдын 18-май күнү Фейсбук баракчасына "Аргумент" деп аталган сайт 

манасчы Дөөлөт Сыдыковду, филология илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Айтпаеваны, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиеваны бир жактуу жана негизсиз каралаган постту жарыялаптыр. Тексттин автору жок. Бирок, тексттин аягында "Азия Ньюс" деп жазылып турат.  

"Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен илимпоздор тууралуу мындай текст жазууга "Азия Ньюс" басылмасынын расмий компетенциясы жок. Бул соттук иш болуп калат" деп "Азия Ньюс" менен байланышсам, алар "бул материал сырттан келиптир. Биздин тийешебиз жок" деди. "Анда менин жообумду чыгарып бериңиздер" деген сунушума басылма макул болду. 

Кыскасы, орусча "женская интуиция" деген нерсе бар. Ошол интуиция мага минтип шыбырап жатат: "Бул текстти башка илимпоздордун эмгегин уурдап, илимге учкашкан Талантаалы Бакчиев, өз өзөгүн арабдын машинасы менен сокур тыйынына айырбаштаган жаттама манасчы Рыспай Исаков, өз позициясы жок, Рыспай сыяктуу сатылма жолго түшкөн Азиз Биймырза уулу жазса керек. Балким, бул текстти жазууга Султан Раев да шыкак берсе керек". 

Илгери мага Турсунбай Бакир уулу менен Өзүбек Чотонов “абысынка” болуп, бир далай асылды эле. Эми “абысынкалар” көралбас, ичи тар, саткын жана сатылма "манасчы сымал" эркектаналардан чыга баштаптыр. Жоругуңар жолдо калсын!

Баса, мен жазган илимий эмгектер Манас атабызды ашата сөккөн жана сөктүргөн богооз миңдеген, жүз миңдеген динчилдер менен кармашууда ат эмес, төө көтөргүс кызмат кылды. Манас атабызды сөгүп жатканда силер кайда элеңер?


Гүлзат Аалиева, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер