Акыркы кабарлар
» Коом » Россияда кыргызстандык мигрант өлтүрүлдү
Россияда кыргызстандык мигрант өлтүрүлдү
25-ноябрь, 09:19


Кечээ, 24-ноябрда Россиянын Москва-Санкт-Петербург жолунун боюнан кыргызстандык мигранттын жансыз денеси табылды.
Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги табылган мигранттын өлүмүнүн себебин тактап жатат.
24-ноябрда бир катар маалымат каражаттары киши колдуу болгон жаран жөнүндө жазып, ал айдоочулук кылып жүргөн мигрант экенин кабарлашкан. Окуя Тосненский районунда болгон. Анын сөөгү таңга жуук ээсиз турган «КамАЗга» жакын жерден, көпүрөнүн астынан табылган.
Ал эми иликтөөнүн маалыматында маркум 43 жашта экени, Кыргызстандан бир жыл мурун келгени айтылат.
Aryba.kg