Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Милициянын майрамы астында генерал Сүйүн Өмүрзаков жылуу маанай тартуулады

Милициянын майрамы астында генерал Сүйүн Өмүрзаков жылуу маанай тартуулады

28-октябрь, 09:28
699 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кылмыш дүйнөсү баш көтөрүп, улам бир ишкерди өлтүрүп аткан чакта милиция кызматкерлери паракорчулукка айыпталуу менен кармалышып, ИИМдин ички атмосферасы бузулганы жашыруун болбой калган. Тизмектесек кагаз бети түт келбейт. Кашкар Жунушалиевге мурда болуп көрбөгөндөй сындар айтылып, Кыргызстандагы эң чуулгандуу министрге айланганына баары көнүп да бүткөн. Орун басары Памир Асанов 55 жашка чыкса да мыйзамды аттап өтүп, пенсияга чыкпай тырышып, жагымсыз талкууну чыңалтып келет. Айтор, система баардык жагынан элге жек көрүнүп калган чакта, ИИМдин 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомчулукка жылуу маанай тартуулады. Каарманыбыз 25-октябрь күнү күч органдарынын спартакиадасында “Макаров” тапанчасынан ок атуу мелдешинде 87 бал топтоп, биринчи орунду алган. Бул жаңылык интернет айдыңында чоң сүйүнүчтү жаратты, себеби, буга чейин ИИМ тармагы жалаң нааразычылыктын чордонунда калган болчу. Милициянын майрамына аз калганда генерал Сүйүн Өмүрзаковдун бул жеңиши профессионалдуулуктун, кесипкөйлүктүн белгиси катары бааланды. Жакшы сөздү жаратты. Эмесе, башчылардын арасында да барандуусу, өздүк курамдын астында да өзгөчөсү бар экенине ынанып, милициядан биротоло үмүт үзбөй турсак кантет?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер