Мелис Мырзакматовдун “кидать” этип кеткенин Садыр Жапаров кечирбесе керек
Акыркы убакта Мелис Мырзакматов эт-бетинен кетип, бийликти мактаган жагынан камчы салдырбай калды. Мынчалык жагымпоздук, жагалданууга барганына караганда, бир мандем бар. Байлыктарын сактап калуу, камалып кетпөө жандалбасына түшкөнүбү? Негизи мунун кошомат кылганы тескери реакция жаратууда. Бийлик муктаж эмес.
Артка кылчайсак, Алмазбек Атамбаевдин доорунда Садыр Жапаров менен Мелис Мырзакматов Түркиядан жолугушуп, Кыргызстанга келүүнү макулдашат. 2017-жылы эсибизде, Садыр Жапаров сөзүнө туруп, мекенине кайтып келет. Камалганы белгилүү. Ал эми Мелис Мырзакматов адатынча коён жүрөктөнүп, келүүдөн баш тартып коёт. Мына ушундан эле кимдин ким экенин билсе болот да. Убакыт баарын таразалап, ордуна коёт.
Кийин Садыр Жапаров түрмөдө отурганда “Мырзакматов “кидать” этип кетти...” деп ачууланганын укканбыз. Натыйжада, сатып кетти да, туурабы? Саясатта коркок, кубулма жүздүү адамдардан этиятташ керек. Азыр эми президент кечээги Мырзакматовдун кылыгын кечирбесе керек. Канчалык кошомат кылса да. Ириде жигитчилик мамиле, шертке туруу маанилүү эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити