Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мыйзам талаасында өлкөбүз оюнчукка айланып, ары-бери калчана береби?

Мыйзам талаасында өлкөбүз оюнчукка айланып, ары-бери калчана береби?

31-октябрь, 20:11
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Азыркы парламенттин мөөнөтү мыйзам боюнча 28-октябрда аякташ керек эле. Садыр Жапаров декабрдын башында ээлеген кызматын өткөрүп берип, президенттик шайлоого кете турганын айтты. Ошондо убактылуу бийликтин мыйзамдуулугу, ырааттуулугу кандай болот? Укуктук жактан туңгуюкка бараткан жокпузбу?» деген собол таштадык. 

Исхак Масалиев, коомдук ишмер:

-- Биздин Башмыйзамда жазылып турат: «Президенттин милдетин аткарган киши шайлоого катыша албайт» деп. Аны өткөндө Өмүрбек Текебаев мындай чечмелеп бериптир: «Жаран катары укугу бар. Ал кызматын тапшырышы керек» деп. Милдетин аткаруучу киши кызматын кантип тапшырат? Ансыз деле милдетин аткарып атат да. Мыйзамдын тамгасына карасак, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарууну кайра Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп берип, өзү шайлоого барса болот. Бирок, Конституцияда так жазылган: “Депутаттар, Жогорку Кеңеш, 120 депуттан 5 жылга шайланат” деп. Демек, 28-октябрда мөөнөтү бүтөт. А экинчи 71-беренеси бар, ал жерде мындай деп жазылып турат: “Жогорку Кеңештин жаңы курамы ишке киргенде өзүнүн укутарын жоготот” деген норма бар. Бул айрым учурда, алсак, кайрадан шайлоо болгон учурда, бир айга чейин теория боюнча узарышы мүмкүн. Ошондуктан менин пикирим боюнча биринчи кезекте мобу парламенттик шайлоону токтотпой туруп өткөрүп, анан 10 күндөн кийин президенттик шайлоону өткөрсө туура болмок. А булардын максаты башка – президенти менен бийликке отуруп алып, “каалагандай парламенттик шайлоону башкарам” дегени көрүнүп турат.   

Төрөбай Зулпукаров, ЖК депутаты:

-- Конституция боюнча “ЖК депутаттары 5 жылга шайланат” деп турат. Бул 28.10.2015-жылы Жогорку Кеңештин 6-чакырышынын алгачкы сессиясы болгон күн. Конституцияда дагы бир норма бар, ал жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясына чейин деп турат. Президенттин шайлоосун ЖК аныктаса, парламенттик шайлоону президент аныктайт. Азыр кырдаал ар түрдүү болуп жатканына байланыштуу талаш-тартыш маселелер абдан көбөйүп кетти.

Сейтек Качкынбаев, саясат таануучу:

-- Өлкөбүздө мыйзамдык вакуум болбошу үчүн парламент дагы 6 айга иштемек болуп атпайбы. Дале болсо бул боюнча талкуу уланчудай. Канткен күндө да, “кеңешип кескен бармак оорубайт” эмеспи. Ошондуктан жеке пикиримде, эки жол бар экенин айтайын. Биринчиси, ЖК төрагасы Канат Исаев баш тарткан үчүн премьер-министрдин биринчи орун басары Новиков президенттин милдетин аткаруучу боло алат. Экинчиси, же ЖК жаңы премьер-министрди шайлап, ошол президенттин милдетин аткаруучу боло алат. Мына ошондо өлкө президентинин милдетин аткарып аткан Садыр Жапаров президенттик шайлоого барса болот. Укуктук туңгуюкка капталбаш үчүн ушундай жолдор ынанымдуу болсо керек. Дагы да айтам, өлкө хаоско айланып, мыйзамдык талаадан чыгып кетпеш үчүн бир канча иштер алдыда турат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер